Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Пригожиндин компаниялары социалдык мекемелерди камсыздоо боюнча келишим түздү


Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге Санкт-Петербургдагы мектептерди тамак-аш менен камсыздаган заводун кыдыртып жүрөт. 20-октябрь, 2010-жыл. Архивдеги сүрөт.
Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге Санкт-Петербургдагы мектептерди тамак-аш менен камсыздаган заводун кыдыртып жүрөт. 20-октябрь, 2010-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусияда «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин компаниялары куралдуу козголоңдон кийин деле мектептерди жана ооруканаларды тамак-аш менен камсыздоо тууралуу келишим түзүүнү улантып жатышат. Бул тууралуу RTVI каналы кабарлады.

Жалпысынан 1 млрд.64 миллион рублга тогуз келишим түзүлгөн. Алардын арасында Москванын жака белиндеги Мытищи шаардык аймагынын билим берүү башкармалыгы "Продфутсервис" компаниясы менен 705 миллиондук келишимге кол койгон.

Анын алкагында аталган ишкана Москва облусунун мектептерин 2023-2025-жылы тамак-аш менен камсыздайт.

23-июнда Евгений Пригожин негиздеген «Вагнер» менчик компаниясы Орусиянын Коргоо министрлигинин жетекчилигине каршы куралдуу көтөрүлүшкө чыккан. Бир сутка ичинде "вагнерчилер" Ростов-на-Дону шаарын басып алышып, Москваны карай багыт алышкан. Көп өтпөй Пригожин Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин жүрүштү токтотуп, артка кайтарын жарыялаган.

Куралдуу козголоңго байланыштуу козголгон кылмыш иш токтогон. Ал эми Евгений Пригожинге жана анын жалданма аскерлерине Беларуска чыгып кетүүгө уруксат берилген. Кийин Пригожин Орусияда экени, июнь айынын соңунда ал президент Владимир Путин менен жолукканы маалым болду.

Окуядан бир нече күн өтпөй Путин «Вагнер» компаниясы толугу менен мамлекет тарабынан каржыланганын моюнга алды. Орус президенти бир жыл ичинде ишкана орус өкмөтүнөн 86 млрд. рубль алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG