Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

Европарламенттин резолюциясы, Бишкектин реакциясы


Европарламенттин имаратынын алды
Европарламенттин имаратынын алды

13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция добушка коюлду. Жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы аны колдоду.

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланган. Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленди.

Европарламент Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин эске салды

Жыйында Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешинин мүчөсү болуп шайланганда адам укуктарын эл аралык деңгээлде колдоого милдеттеме алганы, бирок өлкөнүн өзүндө “авторитаризме карай регресске ыктап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун эркиндигин чектеп жатканы алган милдеттемесине төп келбейт” деп айтылды.

Карcтен Луке, Европарламенттеги Социал-демократтардын прогрессивдүү альянсынын мүчөсү, Германиядан шайланган депутат:

“Кыргызстанда демократиялык чегинүүгө күбө болуудабыз. Эркиндик чектелип, журналисттер айыпка жыгылып, камакка түшүүдө. Адам укуктары жана азчылыктар жабыркоодо. Демократияны чыңдоо үчүн жарандык коом керек. Журналистика өтө маанилүү. Коомго конструктивдүү сын, коомчулукта оппозиция болушу зарыл. Мына ушулар демократияга кан жүгүртүүчү көрсөткүчтөр. Болбосо демократия жүзөгө ашпайт. Резолюция дал ушул маселелерди камтыйт.

Биз Кыргызстанга насаат айткыбыз келбейт. Биз Кыргызстанды сынчыл көз карашка, ойлордун ар түрдүүлүгүнө жол берүүгө чакырабыз. Кыргызстан өзүндөгү журналисттерди, медианы, плюрализмди туура баалап, мунун баары жарандардын кызыкчылыгы жана өлкөнүн келечеги үчүн зарыл экенин түшүнүүсү керек".

Петрас Ауштревичюс, Европарламенттин Литвадан шайланган депутаты, “Европаны жаңылоо” тобу:

“Демократиялык стандарттардын жана адам укуктарынын начарлашы менен Кыргызстандын саясий айдыңы олку-солку бойдон калууда. Өкмөттүн эркин медианы жана сынчыл көз караштагыларды көзөмөлдөө, таасир этүү, акыры алардын оозун басуу дымагы барган сайын репрессивдүү жолго түштү.

Биз чукулунан кыргыз бийлигин кармалган укук коргоочуларды, журналисттерди жана медиа кызматкерлерин бошотууга жана эркин медиа менен сөз эркиндигин кысымга алууну токтотууга чакырабыз.

Мындай аракеттер Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдебейт. Биз Европа комиссиясын ВСП+ (Жалпы жеңилдиктер системасы) берген соода жеңилдиктерин баалоо маалында Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу кырдаалды көңүлгө алууга үндөйбүз. Кыргыз бийлигине эл аралык милдеттемелерин эскертүү керек.”

Евробиримдик Кыргызстандагы эркиндиктин абалына кабатыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:16 0:00

“Азаттык” радиосунун айланасындагы кырдаал

Европарламенттин айрым өкүлдөрү кыргыз бийлигинин “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин кооптуу бузулушу катары айыптады.

Йиржи Поспишил, Европанын элдик партиясынын мүчөсү, чехиялык депутат:

“Кыргызстандагы кырдаалды карап отуруу жеңил эмес. Абал начарлап баратат. Президент жана бийликтеги күчтөр тарабынан көп басым көрсөтүлүп жатат. Анын бир мисалы “Азаттык” радиосуна көрсөтүлгөн кысым. Бул радионун банк эсеби жана веб-сайты бөгөттөлдү. Күчүнө кирбесе да, сот бул радио бардык ишмердигин токтотушу керек деген чечимди кабыл алды.

Эркин медиага каршы мындай аракеттер келишкис нерсе. Кеп медиа жөнүндө гана болуп жаткан жок. Сөз адам укуктарын коргогон активисттерге каршы көрүлгөн ар кыл аракеттер жөнүндө да жүрүп жатат. Биздин өнөктөштөрдүн мындай кадамга барышы кабыл алынгыс экенин биз так айтышыбыз керек”.

Тьерри Мариани, Европарламенттеги ашкере-оңчул “Иденттүүлүк жана демократия” тобунун Франциядан шайланган депутаты:

“Кыргызстан 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон бери экономикалык өнүгүү жана жарандык укуктар жаатында көп жылыш жасады. Бул Борбор Азиядагы үлгүлүү өлкө. Мен Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАСЕ) мүчөсү болуп иштеп турганда Кыргызстан демократиялуу өлкөнүн мисалы катары көрсөтүлгөн. Мурдагы коммунисттик өлкө катары алардын аракеттерин да көз жаздымда калтырбайлы.

Бул резолюцияда эмне бар? Биз Кыргызстанды жаңжал маалында “пропаганда” жарыялаган медианы жапты деп айыптап жатабыз. Медиа компания талаштуу видеону өчүрүүгө макул болгондон кийин азыр бул чектөө алынды. Кыргызстан мыйзамдарын гана ишке ашырып жатат. Биз өлкөнү биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сындоого ашыкпайлы. Бул резолюция максатсыз. Медиа компания эми берүүлөрүн тарата берсе болот. Резолюцияга зарылчылык жок”.

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

Соттун чечимине ылайык, аталган министрлилик Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Azattyk.org сайтына аталган министрликтин чечими менен былтыр октябрда коюлган бөгөт алынгандыктан, 13-июлдан баштап өлкөнүн бардык аймактарында сайт ачылышы керек.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган эле.

Адам укуктарын чектеген мыйзамдар жана Орусиянын таасири

Европарламент кыргыз бийлигин учуда талкууланып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө, “Бейөкмөт уюмдар” тууралуу, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертет.

Виола фон Крамон-Таубадель, Жашылдар/Европадагы эркин альянстын мүчөсү. Германиядан шайланган депутат:

"1991-жылы Кыргызстан эгемендикке эми гана ээ болгон, жигердүү жарандык коому жана эркин медиасы бар, Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болчу. Бирок бүгүн 2023-жылы демократиялык стандарттар жана адам укуктарынын абалы начарлады.

Журналисттер мыйзамсыз камалып жана күчтөп сыртка айдалды. Медиа эркиндиги менен ой-пикир билдиүү эркиндиги басынды. “Жалган маалымат” жана “Чет элдик агент” тууралуу мыйзамдар - автократиялык элита үчүн каршылаштарын коркутуу менен үнүн басуунун дагы бир куралы. Алар журналисттерди жана укук коргоочуларды куугунтуктоого жол ачмакчы.

Президент Жапаров көз карандысыз бейөкмөт уюмдарды жактырбаганын жашырган эмес. Бул мыйзамдар жалпы эле чөлкөмгө жайылып, терс таасирин тийгизип, Борбор Азияда авторитаризмди дагы тереңдетет.

Биз эмне кылып жатабыз? Евробиримдик эмне кылып жатат? Биз Кыргызстан менен кирешелүү ВCП+ планын кеңейтип, башкаруучу элитага соода артыкчылыктарынан колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Андай кеңпейилдик менен жеңилдиктерди берүү өндүрүлгөн продукциянын 66% Евробиримдикке экспортоого жол ачып жатканын эстен чыгарбайлы.

Кесиптештер, биздин соода-сатык мыйзамдарыбыз нормативдүү мыйзамдар менен шайкеш келиши керек. Адам укуктары жана негизги эркиндиктер сатылбайт. Айрыкча Борбор Азияда Кытай менен Орусиянын автократиялык таасири күчөп жатканын эске алганда соода-сатыкка берген артыкчылыктар демократиянын минималдык стандарттарына негизделиши керек. Кыргызстан жана Европа үчүн аны аткарууга биз милдетүүбүз".

Евген Томак, Европа парламентинин Румыниядан шайланган депутаты:

“СССР ыдырагандан кийин Кыргызстанда демократия жашап кетери арсар болчу. Бирок жылдар өткөндөн кийин бул өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар экени көрүндү. Ошентсе да соңку жылдары абал өзгөрдү. Демократиялык артка чегинүү болууда.

Мындай кырдаал постсоветтик көп өлкөлөргө тиешелүү. Алар барган сайын Орусиянын таасиринде калууда. Сөз эркиндиги жана адам укуктары сыяктуу демократиялык баалуулуктар адамдардын оюн көзөмөлдөй алам деген режим тарабынан четке кагылбашы керек”.

Еврокомиссиянын жообу

Мейрид МакГиннесс, Еврокомиссиянын каржылык туруктуулук, каржылык кызматтар боюнча комиссары:

"Евробиримдик Кыргызстандагы соңку ой-пикир билдирүү эркиндиги, сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын эркиндигине байланышкан чечимдерге камтамачылык билдирет. “Маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору, андан мурда кабыл алынган “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бизди тынчсыздандырат.

Биз кыргыз парламентиндеги талкууларга жакындан көз салып турабыз. “Анык эмес маалымат жөнүндө” мыйзам күчүнө киргенден кийин Маданият министрлиги өзү “көйгөйлүү” деп санаган кандай гана маалымат каражаты болбосун жаап салууга укуктуу.

Бул өкмөткө соттун чечимсиз эле жарандын же юридикалык жактын арызы менен кайсы бир маалыматты бөгөттөп коюуга жол берет. Бул эркин ой-пикир билдирүү укугун бузуу болуп саналат.

Биз ошондой эле укук коргоочулар менен журналисттердин өмүрүнө коркунуч келип жатканына күбө болуудабыз. Маселен, 2022-жылы Болот Темиров мыйзамсыз Орусияга чыгарылган.

Биз ошондой эле соттун “Азаттык” радиосун жабуу чечимине тынчсызданып турабыз. Биз Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын эркиндиги жана жалпы эле өлкөдөгү адам укуктарына байланыштуу камтамачылыгыбызды кыргыз бийлиги менен бардык деңгээлдеги жолугушууларда такай көтөрүп келатабыз.

2022-жылы сентябрда өткөн Евробиримдик-Кыргызстан жылдык сүйлөшүүсүндө адам укуктарын коргоодогу терс бурулуштарга, жарандык коом кысмакка алынып жатканына жана сөз эркиндигине басым күчөп баратканына олуттуу тынчсыздануу билдиргенбиз. Аны менен катар эле жеке жарандардын иштерин, Болот Темиров менен Камил Рузиевдин маселесин козгодук.

2022-жылы ноябрда Брюсселде өткөн кызматташтык кеңешинде кайрадан жогорудагы маселелерди көтөргөнбүз. Кыргызстан менен өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине жетишип, аны ишке киргизүү биздин алака-мамилени бекемдеп, ошол эле маалда Евобиримдиктин таасирин арттырды.

Келишимдин алкагында Европа Биримдиги да, Кыргызстан да демократиялык принциптерди, адам укуктарын жана фундаменталдуу эркиндиктерди, мыйзам үстөмдүгүн сыйлоого милдеттеме алган.

Евробиримдик дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстандагы укук коргоочу активисттерди жана жарандык коомду колдоону улантат. Бул – Европа Биримдигинин башкы принциби.

Еврошаркет тартип коргоо органдарынын кысымына кабылган активисттерди колдогон билдирүүлөрдү тез-тез чыгарып турат жана укук коргоочулар аралашкан сот иштерине катышып, мониторинг жүргүзөт.

Соңку 20 жылда биз 30 миллион евродон ашык акчаны мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктарына байланыштуу долбоорлорго бөлдүк. Мисалы, “Адилеттик үчүн мониторинг” долбоору аркылуу биз кыргыз мамлекетине жана коомуна колдоо көрсөтүп жатабыз. Европа Биримдигинин делегациясы Еврошаркет каржылай турган жарандык демилгелер үчүн жаңы сунуштарды да кароодон өткөрүп жатат.

Ошол эле маалда Кыргыз Республикасы эл аралык деңгээлде адамдын универсалдуу баалуулуктарын сактайбыз деп билдирген жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин азыркы мүчөсү катары бул жаатта өзгөчө милдеттемеси бар.

Урматтуу парламент мүчөлөрү, Европа Биримдиги Кыргызстандагы кырдаалга жакындан көз салууну улантат деп ишендирип кетейин. Эгер бийлик өкүлдөрүн өлкөнүн Конституциясында, мыйзамдарында жана бул өлкө кол койгон эл аралык конвенцияларда бекитилген фундаменталдуу укуктарды сыйлабай турган болсо, аларды жоопкерчиликке чакырууну улантабыз.

Резолюциянын долбоору Европа кеңешине, Еврокомиссияга, шаркетке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен парламенттерине, БУУнун Адам укуктары кеңешине, ЕККУга жана Кыргызстандын бийлигине жиберилет.

Бишкектин билдирүүсү, укук коргоочулардын пикири

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясы тууралуу 13-июлдун кечинде маалымат таратып, өкүнүчүн билдирген.

«Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салттар менен негиздерди эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары каралат», - деп жазылган.

"Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес" - деп белгиленген тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө.

Анда Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташуунун "жогорку деңгээлин өзгөчө баалары" айтылат.

"Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда" - деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабаганы белгиленет.

Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков резолюция менен таанышып чыккандан кийин билдирүү жасаларын айтты.

"Негизи эле укуктук ченемдик актыларды колдонууда көйгөй жаралып атат. Эгерде тигил, же бул адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып атса, ага эмне себептер болуп атат? Кайсыл учурда сөз эркиндиги чектелди, кайсыл учурда кылмыш ишине байланыштуу? Ушул суроолорго жооп берген алгоритмди иштеп чыгууну максат кылып атабыз. Кыйытып мынча киши камалды, ошол себептен адам укуктары бузулуп атат деген менен башка органдар өздөрүнүн корутундусу менен “мыйзам бузулду” деп далилдеп атышат. Кыйытып айтсак болот, бирок түздөн-түз бул адамдын укугу бузулду деп айта тургандай баа берүүчү мыйзамдуу механизмдер жок экен. Ушунун үстүнөн иштеп атабыз”.


"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова резолюцияны “Евробиримдиктин кыргыз бийлигине акыркы эскертүүсү” катары баалады. Анын баамында, бир катар эл аралык институттар өлкөдөгү демократияга, адам укугуна, сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч туудурган мыйзам долбоорлоруна байланыштуу бир канча жолу билдирүү жасашканы менен, кыргыз тарап аларды эске алган эмес:

“Ага карабай мыйзам долбоорлору күн тартибинен алынган жок. Болгону убактысы жылдырылды. Азырынча парламент күзүндө муну карабайт дегенге кепилдик жок. Европарламенттин бул резолюциясы катаал мүнөздө. Алар адамдардын өз оюн эркин билдирүү, эркин уюшуу укугуна, бейөкмөт уюмдардын ишмердигине жана тынч митингдерди өткөрүү укугуна тынчсыздануусун билдиришти. Ал жерде европалык институттар керектүү бүтүм чыгарып, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан программаларын кайра карап чыга турганы да айтылган. Мунун арты менен экономикалык чаралар көрүлүп, ошол жактан каржыланган программалар токтошу мүмкүн экени эскертилген”, - деди Жакупова. Ал ошондой эле Орусияга салынган санкиялардын аткарылышы боюнча Кыргызстанга тескери баа берилгенин да кошумчалап, "бийлик буга көз жуумп койсо, олуттуу экономикалык чаралар көрүлүшү мүмкүн" экенин белгиледи.

Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги корголорун, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG