Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

АКШ "Азаттыкка" каршы сот иштеринин токтотулушун кубаттады


Сотто "Азаттык Медианын" жактап келгендерден кабарчы Бакыт Төрөгелди уулу пикир алууда. 27-апрель, 2023-жыл.
Сотто "Азаттык Медианын" жактап келгендерден кабарчы Бакыт Төрөгелди уулу пикир алууда. 27-апрель, 2023-жыл.

Кошмо Штаттар Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесине каршы ишин жокко чыгаруу боюнча соттун чечимин кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги социалдык тармактардагы баракчаларына жазды.

«Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүнүн толук кандуу жанданышы басма сөз эркиндиги үчүн маанилүү жана Кыргызстанда бардык үндөрдүн бирдей жаңыруусу үчүн жасалган туура багыттагы кадам», - деп жазылат анда.

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

"Эркин Европа/Азаттык" медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу сөз болгон видео "Эркин Европа/Азаттык" веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да бүгүн, 12-июлда билдирүү таратып, "Азаттык Медиа" мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. "Азаттыктын" адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG