Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Орусияда аскер комиссариатын өрттөөгө аракет кылган жаран 11 жылга абакка кесилди


Екатеринбургда аскер соту Пермь шаарынын тургуну Михаил Соколовду аскер комиссариатын өртөөгө айыптап, 11 жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу Mediazona басылмасы Properm.ru сайтына жана соттун сайтындагы картага шилтеме кылып жазды.

Тергөө документтерине ылайык, Соколовго теракт, террористтик жамаатка катышуу жана мамлекетке чыккынчылык кылуу беренелери боюнча айып тагылып, анын иши сотто бир күндө каралды.

Properm.ru. сайтынын жазганына караганда, айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алган жана тергөө менен кызматташууга барган.

Михаил Соколовдун кармалганы былтыр декабрь айында белгилүү болгон. Аны менен чогуу таанышы Алексей Гашев кармалган.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, бул адамдар "Украинанын коопсуздук кызматынын көрсөтмөсү боюнча" Пермде теракттарды жана диверсияларды жасоого даярдык көргөн.

Украинанын атайын кызматына "аймактагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга" жардам бергенин билдирди. Кийинчерээк кармалгандарга 2022-жылдын 24-июнунда болгон Пермь шаарынын Киров районундагы аскер комиссариатында өрт койгон деген айып тагылган. Анда белгисиз адамдар имараттын терезелеринин бирине бир нече "Молотов коктейлин" ыргытышкан. Имарат өрттөнгөн эмес, аскер комиссариатынын кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес.

Орусия февралда Украинага басып кирип, сентябрда аскердик мобилизация жарыялангандан кийин буга нааразы тургундар бир катар аймактардагы аскер комиссариаттарына жана административдик имараттарга чабуул коюшкан.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскердик комиссариаттарды өрттөө аракети теракт катары каралып, күнөөлүүлөр 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG