Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Суданда 72 саатка ок ​​атышпоо келишими жарыяланды


Судан менен Чаддын чек арасындагы качкындар. Май,  2023-жыл
Судан менен Чаддын чек арасындагы качкындар. Май,  2023-жыл

Жекшембинин таңында Суданда эки айдан бери уланып келаткан куралдуу жаңжалды токтотуу максатында 72 саатка ок атышпоо келишими жарыяланды. Ошол эле күнү башкалаа Хартумдун тургундары түнкү уруштан кийин абал тынч экенин билдиришкен.

Армия жана “Ыкчам колдоо күчтөрү” ок чыгаруудан баш тартууга жана сауд арабиялык жана америкалык ортомчуларга жардам жеткирүүгө уруксат берүүгө макул болушту. Буга чейин бир нече жолу жарашуу аракети көрүлүп, бирок кагылыштар токтогон эмес.

Тараптардын бийлик талашынан келип чыккан кармаштар борбор шаарды согуш аймагына айлантып, салгылашуулар өлкөнүн калган бөлүктөрүнө да жайылды. Судандын батышындагы Дарфурда зомбулук кескин күчөдү.

Жаңжал жарандык өкмөт тушундагы шайлоо планынан улам тутанган. Буга чейин африкалык бул мамлекетти көп жыл бою автократ Омар Башир башкарып, 4 жыл мурун бийликтен кулатылган.

Дүйшөмбү күнү Германия, Катар, Сауд Арабиясы, Египет жана Бириккен Улуттар Уюму Женевада Суданга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында донорлордун конференциясын уюштурганы жатат.

Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, 49 миллион калктын жарымынан көбү азыр гуманитардык жардамга муктаж жана жылдын аягына чейин 3 миллиард доллардай каражат зарыл болмокчу.

Ошондой эле уюм качкындар кризисин жөнгө салуу үчүн 500 миллион долларга жакын каражат сурады. Жаңжалдан улам 500 000ден ашуун адам Суданга кошуна өлкөлөргө агылган, андан тышкары 1,7 миллионго жакыны өлкө ичинде жер которууга мажбур болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG