Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Казак полициясы зомбулук фактыларын жабырлануучунун арызы жок эле териштире баштайт


Алматыда турмуш-тиричиликке байланыштуу зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдатууну талап кылып чыккандар. 8-март, 2023-жыл.
Алматыда турмуш-тиричиликке байланыштуу зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдатууну талап кылып чыккандар. 8-март, 2023-жыл.

2022-жылдын сентябрь айында турмуш-тиричиликке байланыштуу зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдатуу сунушун президент Касым-Жомарт Токаев киргизген. Аны парламент колдоп, депутаттар өлкөнүн Кылмыш жана Административдик кодекстерине бир катар өзгөртүүлөрдү даярдашкан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы Казакстанда турмуш-тиричиликке байланыштуу зордук-зомбулукка арызданып 5,5 миң аял полицияга кайрылган. Тараптардын элдешип алуусуна же башка бир себептерге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин көбү кыскарган. Жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигине 22 киши, административдик жоопкерчиликке 4700дөй киши тартылган.

Кыргызстанда да Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катаалдаштыруу жана жабыркагандарды ошол замат натыйжалуу коргоого алуу максатында мыйзам долбоорун демилгелеген.

Эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, зордуктоого, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө, балакатка жете электерди мажбурлап никеге тургузууга, алардын никесин кыюуга шектүүлөргө карата козголгон кылмыш иши тосмо арыз жазылган учурда да жабылбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG