Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Иран өзөктүк программасы боюнча Батыш менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн билдирди


Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи
Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи 11-июнда эгер өлкөнүн өзөктүк инфраструктурасы кол тийгис бойдон калса, анда Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Батыш менен сүйлөшүү мүмкүндүгү бар экенин билдирди.

Хаменеинин «Батыш менен макулдашууда эч кандай жаман нерсе жок, бирок биздин өзөктүк тармактагы инфраструктураларга тийбеш керек” дегенин мамлекеттик телеканалдар кабарлашты.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен жетишкен макулдашууга ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы Вашингтон Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада санкциялар кайрадан киргизиле баштап, Иран өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр 2021-жылдын апрелинде Венада башталган. Бирок тараптар мунасага келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жатат.

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы айлап жүргөн кыйыр сүйлөшүүлөр сентябрь айында тараптар бири-бирин негизсиз талаптар үчүн айыптаган соң, туңгуюкка кептелген.

Аятолла Али Хаменеинин соңку аяр билдирүүсү “тараптар убактылуу макулдашууга жетишкени калды” деген маалыматты Тегеран менен Вашингтон четке каккан соң, бир нече күндөн кийин жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG