Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Спортчу Дайырбек Карыяев АКШдагы мелдеште жеңишке жетти


Дайырбек Карыяев ортодо. 10-июнь, 2023-жыл. 
Дайырбек Карыяев ортодо. 10-июнь, 2023-жыл. 

Кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (MMA) АКШда өткөн беттеште америкалык Жо Хартты жеңди. Карыяевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, CFC (Cage Fighting Xtreme) лигасынын кезектеги турнири 10-июнда Уилмар шаарында өттү.

Карыяев ушуну менен таймаштын аралаш түрү боюнча экинчи беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңишке жетти. Анын атаандашы Жо Харт буга чейин эки беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңиле элек болчу.

Дайырбек Карыяев 29 жашта. Ал күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону (Бишкек, 2022). Бир нече эл арлык мелдештердин жеңүүчүсү. Быйылтан баштап АКШга барып, мелдештерге катыша баштады.

Апрель айында спорттук самбодон АКШнын чемпиону болгон. Май айында грэпплинг боюнча Түндүк Америка ассоциациясынын чемпионатында (NAGA) жеңүүчү болду. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG