Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Мектептерде мамлекеттик сынактар башталды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бүгүн 2-июнда Кыргызстанда 9-классты жана 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, алар беш сабактан экзамен тапшырышат – төртөө милдеттүү, бирөө тандоо боюнча болот.

Милдеттүү түрдө тапшырыла турган сынактар математика, кыргыз жана орус тилдери, Кыргызстандын тарыхы сабактары боюнча. Экзамендер 9-класстар үчүн 19-июнда, ал эми 11-класстар үчүн 20-июнда аяктайт.

Андан соң бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт.

Кыргызстанда былтыр мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 69 проценти гана жалпы республикалык тестирлөөгө катышканын быйыл 27-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткан. Өкмөт башчы белгилегендей, былтыр мектепти 58 миңден ашуун улан-кыз аяктаган.

Жапаров тестирлөөгө катышкандардын көпчүлүгү негизги тесттин эң төмөнкү упайына жете албай калганын, 110 балл деген көрсөткүчкө жетпегендер 57% болгонун кошумчалаган. Буга байланыштуу ал мектептерде окутуу сапатын жогорулатуу, мугалимдердин жөндөмүн жакшыртуу зарылдыгын, өлкөнүн билим берүү системасы кардиналдуу өзгөрүүлөргө муктаж экенин жана ишти бала бакчалардан баштоо керектигин белгилеген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2,5 миңге чукул мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG