Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

Президент Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарды


Президент Садыр Жапаров Бишкектеги мектептердин биринде сабакка катышып жатат. Иллюстрациялык сүрөт.
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги мектептердин биринде сабакка катышып жатат. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Жарлыкта мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленет. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилет.

Маалыматта Министрлер кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептерде акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларды алдын алуу үчүн аракет кылып жатканы айтылат. Ага карабай окуучулардын ата-энелери окуу классын оңдоого, кайтарууга, окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (принтер, проектор, парда, бор, чүпүрөк, чака, самын ж. б.) сатып алууга жыл сайын акча каражаттарын чогултуу практикасы уланып жатканы белгиленген.

Бул көбүнчө мектеп жетекчилигинин, мугалимдердин ата-энелер комитеттеринин басымы аркылуу ишке ашары да көрсөтүлөт. Президенттик администрация натыйжада акча чогултуу үй-бүлөлүк бюджетке, биринчи кезекте көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор жүк болуп жатканын билдирет.

Мектептердеги акча чогултууларга байланыштуу даттануулар Кыргызстанда жыл сайын катталып келет. Айрыкча шаарлардагы жана шаарга жакын жайгашкан мектептерге байланыштуу арыздануулар көп болот. Буга байланыштуу мурдагы бийликтердин тушунда да президенттин, өкмөттүн жана Билим берүү жана илим министрлигинин деңгээлинде тыюу салуу аракеттери болгон, андан майнап чыккан эмес.

Ушул тапта Бишкекте дээрлик ар бир мектепте жана бала бакчада ата-энеден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча алып туруучу фонддор бар. Ал фонддон акча мугалимдин айлыгына кошумчага, кароолчуга, тазалоо каражаттарына жана башка муктаждыктарга бөлүнүп турат. Фонддун акчасы боюнча ачыктык жоктугун айткан ата-энелер бир жылдары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акцияларын уюштуруп келишкен. Ал эми кээ бир мекемелердин кызматкерлери жумушу оор экенин, мамлекет төлөгөн айлык аз болгондуктан ата-энелер фондунун кошумча маянасы үчүн гана иштеп жүргөнүн билдиришкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG