Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:04

Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы түзүлүүдө


Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы. (Долбоордун сүрөтү ӨКМге таандык)
Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы. (Долбоордун сүрөтү ӨКМге таандык)

Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Өзгөн, Алай жана Сузак райондорундагы кооптуу жерлерде мониторинг жүргүзүү жана атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде түзүлмөкчү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Карта түзүүгө ыңгайлаштырып мониторинг жүргүзүүчү шаймандар.
Карта түзүүгө ыңгайлаштырып мониторинг жүргүзүүчү шаймандар.

Маалыматка ылайык, жер көчкү коркунучун изилдөө жаңы ыкмалар менен жүргүзүлүп, божомолдоонун тактыгы жогорулайт.

Жер жылып келе жаткан аймак.
Жер жылып келе жаткан аймак.

Мекеменин билдирүүсүндө, жер көчкүлөрдүн учурдагы абалы жана кооптуу аймакта жашоосун улантып келе жаткан жарандар боюнча маалыматтар такталды. Аларга эскертүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бийликке тиешелүү сунуштар берилип жатат.

Жер көчкү басып калуу коркунучу бар айыл.
Жер көчкү басып калуу коркунучу бар айыл.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан төрт миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана аларга көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Алардын теңине мамлекеттен кайтарымсыз акча жана жер берилгени менен көбү жер которгон эмес. Буга чейин мындай аймактарда бир катар табигый кырсыктар орун алган.

Жалал-Абад облусунда жер көчкү кооптуулугу бар 541 тилке айылдарга чукул жайгашкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG