Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Бокс: дүйнө чемпионатында Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты


Мунарбек Сейитбек уулу. Ташкент шаары. Сүрөт Кыргызстандын Бокс федерациясына таандык.
Мунарбек Сейитбек уулу. Ташкент шаары. Сүрөт Кыргызстандын Бокс федерациясына таандык.

Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында 57 килограмм салмакта кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Ал 10-майда тажикстандык мушкер Асрор Вохидов менен беттешип, аны утуп алды.

Сейитбек уулу жарым финалда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешет, утулуп калса да коло медалга ээ болот. Муну менен ал Кыргызстандын эгемендүү тарыхында дүйнө чемпионатында медал алган алгачкы мушкер болуп калат.

30-апрелде башталган бокс боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын курама командасы (13 мушкерден турат) катышып жатат. Чемпионат 14-майда аяктайт. 1-орунга 200 миң, 2-орунга 100 миң, 3-орунга 50 миң доллар берилет.

Эл аралык бокс федерациясынын (IBA) маалыматында, чемпионатка 100дөн ашык өлкөдөн 600дөн ашык мушкер барган. Мелдешке Орусия жана Беларустун мушкерлерине да катышууга уруксат берилгендиктен, АКШ, Украина баштаган бир катар мамлекеттер ага бойкот жарыялашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG