Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

ЕБ Орусия аркылуу жүк ташууга тыюу салган санкцияларды кеңейтет


Орусия менен Евробиримдиктин желектери. Иллюстрация.
Орусия менен Евробиримдиктин желектери. Иллюстрация.

Европа Биримдиги жаңы санкциялар топтомунда Орусия аркылуу жүк ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Bloomberg жаңы санкциялык сунуштар менен тааныш болгон жашыруун булактарга таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусия аркылуу үчүнчү өлкөлөргө жүк ташууга толук тыюу салынбайт, бир катар технологияларга жана жабдуулардын түрлөрүнө чектөөлөр киргизилиши күтүлүүдө.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Польша, Эстония жана Литва Евробиримдиктен Орусиянын аскердик өнөр жай комплексинде, авиациялык жана космостук тармактарында колдонула турган жүктөрдү Орусия аркылуу ташууга толук тыюу салууну суранууда. Бул жүктөрдүн тизмеси ачык айтыла элек.

Буга чейин Орусияга чектеш Европа мамлекеттеринин Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кыйла өскөнү журналисттик иликтөөлөрдө аныкталган. Эксперттердин айтымында, Орусия тыюу салынган товарларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу алып, Батыштын санкцияларынан буйтап өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG