Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Кытайдын Франциядагы элчисинин билдирүүсү нааразылык жаратты


Лу Шае
Лу Шае

Кытай дипломатынын постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендиги тууралуу билдирүүсүнөн кийин Латвия, Литва жана Эстония Бээжиндин өкүлдөрүн Тышкы иштер министрликтерине чакырышты.

Балтика мамлекеттеринин нааразылыгы Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шаенин LCI каналына берген маегинен кийин жаралды.

Крым.Реалии басылмасы жазгандай, 21-апрелде журналист Дариус Рошебендин суроолоруна жооп берген дипломат "Крым Орусияга таандык экенин, Хрущевдин бийлигинин тушунда Украинага өткөрүлгөнүн" айткан.

Журналист эл аралык укук Крымды Украинанын аймагы деп эсептерин белгилегенде, дипломат мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттер азыркы эл аралык укукта эч кандай макамга ээ эместигин билдирген.

Дүйнө "мындай көйгөйлөр" үчүн талашпашы керектигин белгилеген Лу Украинада ок атышууну токтотууга да чакырган.

Латвия, Литва жана Эстония дипломаттын пикирин кабыл алынгыс деп баалоодо.

Бээжин буга комментарий бере элек.

СССРдин курамынан ажыраган бардык 15 мамлекеттин эгемендиги БУУда таанылган жана ар бири суверендүү макамга ээ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG