Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев кармалды


Урматбек Самаев. УКМК тараткан сүрөт.
Урматбек Самаев. УКМК тараткан сүрөт.

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында УКМК аталган ишканадагы коррупциянын айынан 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдирген.

"Муниципалдык ишканада туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Анда бир катар үйлөр аталган ишкананын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейин күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана "Токмок жылуулук" ишканасы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашкан",-деп жазылган маалыматта.

Азарынча Самаевдин жакындары менен жактоочусу комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы августта шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG