Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


16-17-апрелдерде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

16-18-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50 чакырымдарында жана Чон-Ашуу ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 72-107 чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолундагы Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 192-211-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

17-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG