Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Орусияда Казакстанга качып барып кармалган майор алты жарым жылга кесилди


Михаил Жилин жубайы менен.
Михаил Жилин жубайы менен.

Орусияда Барнаул гарнизонунун аскер соту Украинадагы согушка катышуудан кооптонуп, Казакстанга качып кеткен майор Михаил Жилинди алты жарым жылга кести.

Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилин былтыр декабрда Астанадан Арменияга учуп жатканда кармалган.

Орусияда Жилин президент Путиндин аймактар менен өкмөттүк байланышына жооп берип, мамлекеттик сырларды билген. Буга байланыштуу анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган.

Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Жилин кызматтан бошоо укугунан ажыратылган. Мобилизация жарыялангандан кийин ал качып кетүүнү чечкен. Майор Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөндө кармалып, кийинчерээк кое берилген эле. Бир нече убакыт үй-бүлөсү менен Семей шаарында жашап, саясий башпаанек сураган. Бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG