Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Венгрияда ТҮРКСОЙдун сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды


ТҮРКСОЙ уюму уюштурган сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири кыргызстандык акын Толукбек Байзак. Венгрия.
ТҮРКСОЙ уюму уюштурган сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири кыргызстандык акын Толукбек Байзак. Венгрия.

Венгрияда мажар элинин акыны Шандор Петөфинин 200 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Ар бир жеңүүчүгө 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык, белек-бечкек тапшырылды.

Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун генералдык төрагасы Султан Раев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

"Мажар акыны Шандор Петөфинин “Сүйүү жана азаттык” аттуу ырын өз эне тилдерине которуу сынагына түрк тилдүү өлкөлөрдөн жүздөн ашуун акын, котормочулар катышты. Сынак соңунда ар бир өлкөдөн бирден мыкты котормочулар аныкталып, аларга Петөфинин туулган жери Кишкөрөштөгү салтанатта эл аралык сыйлык тапшырылды. Сыйлыкты Мажар парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак экөөбүз тапшырдык. Салтанатка мажар коомчулугу, маданият, адабият адамдары, элчилер катышты", - деп жазды Раев.

Сынактын жыйынтыгында Кыргызстандан акын Толук Бек Байзак, Азербайжандан Рамил Эхмед жана Барыш Жавид Мавусумулы, Казакстандан Даурен Бериккажулы, Өзбекстандан Рустам Мусурмон, Түркмөнстандан Акмурод Режебов, Туркиядан Дурсун Аян байгеге ээ болгон.

Уюм тараткан маалыматта сынактын жеңүүчүлөрүнүн котормолору өзүнчө китеп болуп басылып чыгары белгиленген.

Үстүбүздөгү жума ичинде Мажарстанда (Венгрия) акыны Шандор Петөфинин 200 жылдыгы белгиленди. Маараке Будапешт шаарында жана Лакетилек, Кишкөрөш, Кишкинфеледьхаза райондорунда өткөрүлүп, акындын эстеликтери ачылды.

Петөфинин 200 жылдыгына карата котормо конкурсу 2022-жылдын октябрь айында жарыяланган.

Шандор Петөфи деген ат менен таанылган Александр Петрович Венгриянын демократ акыны, 1848-1849-жылдары өлкөдө төңкөрүш уюштурууга катышкан.

Эл аралык Түрк маданияты уюму деп таанылган ТҮРКСОЙ түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу болуп эсептелет. Уюм Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG