Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска кетип жатканы айтылды


Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып өлкөнүн экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

“Өзүңөр билгендей, Орусиянын чек арасы жабылып калбадыбы. Аларга бизден кирип жатат. Биздин чек арадан катталууда, ошондуктан биздин соода жана төлөө балансыбыздан көрүнүүдө. Көбүнчө бизге келген импорттун баары эле Орусияга жана Беларуска барып жатат”.

Сейитов бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат экспортко караганда импорт көбөйгөнүн белгилеген:

“Эки жылдык көрсөткүч боюнча экспорт 40 миллион сомго эле көбөйүптүр. А импорт эки жыл ичинде 3,5 миллиард сомдон 9 миллиард сомго чейин өсүптүр. Үч эсе. Импорттун ордун ээлөөбү ушул. Тескерисинче болуп жатпайбы?”

Орусия бир жыл мурда Украинага кол салгандан бери кармаш уланууда. Бул үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга жана анын жакын өнөктөшү Беларуска бир топ санкция жарыялаган. Көптөгөн өлкөлөр бул эки мамлекет менен экономикалык кызматташтыгын токтоткон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG