Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

ЕБРР Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17,8 млн. евро бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Ош облусундагы Араван - Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн. 870 миң евро бөлөт.

Жогорку Кеңеш буга байланыштуу кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин 16-февралдагы жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов каражат 15 жылга берилип жатканын айтты. Анын төрт жылы жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилет.

“Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянттын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди аткаруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 млн. 870 миң евро каражат бөлүнүп берилет, анын 14 130 000 евросу насыя, 3 740 000 евро грант түрүндө”, - деди Мурат Раматов.

ЕБРР Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация иштерине 2012-жылы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” деп аталган долбоорду каржылоого 22 миллион евро (жарымы насыя, жарымы грант түрүндө) бөлүүгө макул болгон.

Бүгүнкү күнгө карата акчанын 12 миллиону келген, калган акча бөлүнө элек. Берилген каражаттын макмсаттуу иштетилбегени үчүн беш кылмыш иши козголгонун былтыр 9-декабрда Жогорку Кеңеште борбор калаанын прокурорунун орун басары Рысбек Аманатов билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG