Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

БУУда Отунбаева “Талибан” менен диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи


БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева БУУнун Коопсуздук кеңешинде, 20-декбарь, 2022-жыл.
БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева БУУнун Коопсуздук кеңешинде, 20-декбарь, 2022-жыл.

20-декабрда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде ондогон жыл согуштан жабыркаган өлкөдөгү абал тууралуу баяндама жасады.

Отунбаева 2021-жылы августта Кабулда "Талибан» кыймылы бийликти басып алгандан кийинки өлкөдө саясий жана адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр менен катар эле оң жылыштар бардыгын белгиледи.

“Талибан” менен бир катар маселелер боюнча көз карашыбыз дал келбейт, бирок көңүл чордонунда турган нерсе - эркектер, аялдар, кыздар, балдар бакубат жана тең укуктуу жашай ала турган Ооганстандын келечеги үчүн диалогду колдошубуз керек” – деди Отунбаева эл аралык коомчулуктун алдында.

Отунбаева быйыл сентябрда кызматка киришкенден кийин Ооганстандын бир топ аймактарын кыдырып чыккан.

“Баарынан да жеткен жакырчылык менен эртеңкисине ишенбеген көптөгөн оогандардын көргөн азап-тозогу көңүлүмдү чөгөрдү. Өлкөнү кыдырып жүргөндө алардын көбү жөн эле өлбөстүн күнүн көрүп жатканын айтышты” – деди атайын өкүл.

Талибдер өлкөнү көзөмөлдөп турганы менен ар кандай террордук топтордун мизин кайтарууда жөндөмсүз болуп жатканы да айтылды.

Кабулдагы бийлик катаал социалдык саясат жүргүзүп, аялдарга басым-кысымды күчөттү. “Орто билим берүүдөн баш тартуу деген эки жылдан кийин университеттерге кыздар тапшырбайт дегенди туюнтат. Мындай чечимди карапайым эл эле эмес, алтургай "Талибандын" жетекчилигинде жактырбагандар бар” – деди Отунбаева.

Атайын өкүл 7-декабрда өлүм жазасын эл алдында ишке ашырган окуяга токтолуп, бийликтегилерге мындай ырайымсыз чара эл аралык укукка каршы келерин айтканын белгиледи.

Отунбаева ошондой эле Ооганстандагы бир катар оң жылыштарды, айрыкча экономикалык багытты белгиледи. Мурунку бийликке караганда коррупциянын жалпы деңгээли “олуттуу азайып”, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук эң жогорку чекке - 1.7 миллиард долларга жеткенин айтты.

Отунбаева ошол эле маалда оогандардын орчундуу маселелери чечилбесе, ал үчүн эл аралык коомчулук колдоо көрсөтпөсө өлкөнүн экономикалык туруктуулугу бузуларын эскертти. БУУнун эсебинде 39 миллион калктын 20 миллионго чукулу ачарчылыкта күн көрүп жатат.

Былтыр жайында бийликке келери менен “Талибан” ашынган фундаменталисттик ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде кыймыл өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанып, байистүү саясат жүргүзүүгө убада берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG