Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Европада кар жаап, абанын табы төмөндөдү


Украинада тартылган сүрөт.
Украинада тартылган сүрөт.

12-декабрда Европанын бир катар өлкөлөрүндө кар жаады. Абанын температурасы 0 градустан төмөн, көпчүлүк өлкөлөрдө -5ге жакындады.

Орусиянын Украинага чабуулунан кийин энергетикалык ресурстардын баасы кескин кымбаттагандыктан, быйылкы суук чөлкөмдү тынчсыздандырууда.

Лондондогу Кичи Венеция каналын муз каптады. Украинада да абанын табы төмөндөп кетти.

Орус аскерлери 10-декабрда Одессадагы эки электр станциясына ирандык учкучсуз учактар менен сокку урганда 1,5 миллионго жакын адам электр жарыгысыз калган.

Расмий кабарга ылайык, учурда борбор калаа Киевде жана Киев облусунда, Украинанын батышындагы төрт облуста жана Днепропетровск шаарында электр менен камсыздоо чоң түйшүк жаратууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG