Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Бишкекте эл аралык инвестициялык саммит өтүп жатат


Бишкек. 8-декабрь, 2022-жыл.
Бишкек. 8-декабрь, 2022-жыл.

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Орусиянын, Армениянын, Беларустун жана Түркиянын ишкерлери менен компаниялардын катышуусунда эки күндүк инвестициялык саммит ишин баштады.

Анда глобалдык экономикадагы жаңы чакырыктардын, санариптештирүүнүн жана учурдагы тренддердин борбор азиялык өлкөлөрдүн экономикасына таасири, тажрыйба алмашуулар, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйба боюнча баяндамалар болду.

Жыйында ар кайсы өлкөлөрдүн ишкерлеринин жана инвесторлорунун башын кошкон электрондук аянтча түзүү, долбоорлорду иштеп чыгып, жалпы кызыкчылыкты издөөгө басым жасалды.

Туруктуу инвестициялык чөйрө түзүүнүн көйгөйлөрү, ишкердиктин кепилдик шарттары жана каржылоо аспаптары боюнча бирдиктүү платформа иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Иш чаранын суроо-жооп бөлүгүндө ишкерлер жана инвесторлор өз ара тыгыз байланышты камсыздоо жолдору, өнөктөштүк тармактарын түзүү ыкмалары боюнча пикир алмашты.

Бишкек инвестициялык саммитин Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер кошууну Евразиялык экономикалык комиссиянын колдоосу менен уюштурду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG