Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Бишкекте троллейбустарды электрбустарга алмаштыруу маселеси каралып жатат


Бишкектеги троллейбустарды электрбустарга алмаштыруу маселеси каралып жатканын эко-активисттер билдиришти. Алар экологиялык коомдук транспорттун бул түрүн сактап калуу керектигин белгилешүүдө.

#SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан расмий жообуна таянып билдиргендей, троллейбустарды байланыш түйүнү жана тарткыч көмөкчордондор менен бирге Ош, Токмок жана Кара-Балта шаарларына өткөрүү пландалууда.

Активисттер мэриядан келген каттын сүрөттүн социалдык түйүнгө жарыялашты. Анда иштөө мөөнөтү бүткөн же эскирген троллейбустардын ордуна 120 электрбус сатып алынары белгиленген. Документке ылайык, каржылык колдоону Азия өнүктүрүү банкы берет. "Азаттык" азырынча мэриядан расмий комментарий ала алган жок.

Шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаев бул маселе эки ай мурун көтөрүлгөнүн айтып, троллейбустарды сактап калуу зарылдыгы тууралуу 6-майда Фейсбукка жазды.

Былтыр ноябрда Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаага алгачкы электрбустар 2024-жылдын биринчи жарымында келерин билдирген.

Азыр муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG