Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

ИИМ: Баткендин Төрт-Көчө аймагындагы жолдор ачык


Баткендин Төрт-Көчө аймагы.
Баткендин Төрт-Көчө аймагы.

Баткен облусундагы бардык автоунаа жолдору ачык, аймакта учурда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Исмаилов маалымдады. Ал жарандарды жолдордон кооптонбой өтө берүүгө чакырды.

"Баткен облусунун аймагындагы жалпы жолдордун баарын көзөмөлдөө жүрүп жатат. Жарандар кооптонбостон эле жүрө берсе болот. Төрт-Көчө аймагы толук ачык. Лейлек менен Баткендин ортосунда байланыш бар. Коркпой каттай берсе болот”, - деди Исмаилов.

Нурлан Исмаилов эки өлкөнүнүн милициясы биргеликте жол коопсуздугун сактоону сүйлөшкөнүн кошумчалады.

“Азаттыктын” аймакта жүргөн кабарчысы Лейлек-Баткен жолунда жол жүргөндөр көбөйгөнүн маалымдады. Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев “Азаттыкка" курган маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турганын, эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын айтты.

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев маалымат жыйында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, дагы 8 миң үй электр энергиясыз калганын айтты. Учурда оңдоо иштери уланып жатат.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан да тактоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG