Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Британ ханышасы Елизавета II тажыясы 19-сентябрда өтөт


Британ ханышасы Елизавета II акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, 19-сентябрда болот. Тажыя Лондондогу Вестминстер чиркөөсүндө өтөрүн ишемби күнү Букингем сарайынан билдиришти.

Ханышанын сөөгү салынган табыт жекшемби күнү ал көзү өткөн Шотландиядагы Балморал сарайынан Эдинбургга алып барылат. 12-сентябрда Ыйык Эгидий соборунда жаңы падыша Карл III жана падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул күнү Шотландиянын жашоочуларына ханыша менен коштошууга шарт түзүлөт. 13-сентябрдын кечинде табыт учак менен Лондонго жеткирилет. 14-сентябрда ал Букингем сарайынан Вестминстерге которулуп, төрт күндүн ичинде ханыша менен коштошуу уюштурулат.

19-сентябрда Улуу Британияда 1965-жылы Уинстон Черчилль каза болгондон берки биринчи мамлекеттик деңгээлдеги тажыя өтөт. Коштошуу зыйнатынан кийин ханышанын сөөгү салынган табыт Виндзор сарайына алып келинип, ошол жактан жерге берилет.

Ыраматылык ханышанын тажыясына бир катар өлкөлөрдүн лидерлеринин келери күтүлүүдө. Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден жана жапон императору Нарухито Лондонго келе турганын билдиришкен. Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапары планда жок экенин анын басма сөз кызматы кабарлаган. Орусиядан ким катыша турганы азарынча белгисиз.

Британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында 8-сентябрда каза болгон.

96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал өлкөнү 70 жыл башкарды.

Анын уулу Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы болгонун Мураскерлер кеңеши 10-сентябрда расмий жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG