Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Бекешов: мэрия паркты беш жылдан ашык мөөнөткө ижарага бере албайт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына Жер кодексине ылайык, парктарды ижарага берүүгө беш жылдык чектөө бар экенин, мындан улам мэрия сейил бактарын 25 жылга ижарага бере албасын жазды.

Буга чейин Бишкек шаарындагы Асанбай паркын узак мөөнөткө ижарага берүүгө байланыштуу аталган райондун айрым тургундары нааразылык акцияга чыккан. Бекешов анда аталган сейил бакты үч миллион долларлык инвестиция салып, 25 жылдык мөөнөткө ижарага алганы жаткан компания кантип тандалганы ачык-айкын эместигин билдирип, митингге чыккандарды колдой турганын айткан.

Нааразылыкка чыккандар менен мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев жолуккан. Мэриянын басма сөз кызматы анда “бүгүнкү күндө парк көңүл кейитерлик абалда, ал жерде жашыл бак-дарактарга зыян келтирбестен капиталдык ремонт жүргүзүү керек. Аттракциондорду жаңыртуу, аймакты көрктөндүрүү жана башка иштер пландалып жатат. Сейил бактын аймагында мыйзамсыз курулуштар бар”,-деп билдирген.

Мэрия июль айынын аягында аталган паркты оңдоп, жакшыртуу максатында инвестор изделип жатканын билдирген жана сынак жарыялаган.

Асанбай паркынын аянты төрт гектардан ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG