Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Президент Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине, Өзгөчө кыдаалдар министрлигине, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.
Анын билдирүүсүндө, президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтылганы жазылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы жөнүндө маалымат таратты. Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ооруканага жаткырылган үч кишинин жарандыгы такталып жатат.

Кырсык Николаев районунун Праскавьина жана Новоспасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кеткен. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Жол кырсыгынын видео, фотолору социалдык тармактарда тарады. Аны тарткандар токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине сүзгөнүн айткан.

Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских Телеграммдагы расмий каналында ооруканадагыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG