Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду


Кырсык болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы жөнүндө маалымат таратты.

Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ооруканага жаткырылган үч кишинин жарандыгы такталып жатат.

Кырсык Николаев районунун Праскавьина жана Новоспасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөштү. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Жол кырсыгынын видео, фотолору социалдык тармактарда тарады. Аны тарткандар токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине сүзгөнүн айткан.

Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских Телеграммдагы расмий каналында ооруканадагыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG