Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

"Газпром" газ куурунун турбинасын санкциялардан улам алып кете албай жатканын билдирди


“Газпром” компаниясынын газ кууруна керектелчү турбиналар. Иллюстрациялык сүрөт.
“Газпром” компаниясынын газ кууруна керектелчү турбиналар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык газ монополисти “Газпром” компаниясы Германиянын лидеринин сөзүнө байланыштуу билдирүү таратып, “Түндүк агым-1” куурунун турбинасын Канаданын, Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык режимдеринин айынан алып кете албай жатканын кабарлады.

3-августта немис канцлери Олаф Шольц турбинаны алып кетүүнү Орусия өзү атайылап кечеңдетип жатканын айткан. Анын белгилешинче, Москва аны ташууга зарыл болчу документтерди берүүдөн баш тартып жатат.

Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы 27-июлдан тартып "Түндүк агым-1" кууру менен Германияга берилген газдын көлөмүн дагы азайткан. Ишкана муну дагы бир турбинанын “техникалык абалы” менен түшүндүргөн.

“Газпром” июлда он күндүк ремонттон кийин ал куур менен газ жетирүүнү жанданткан. Бирок көгүлтүр отундун көлөмү 40% чейин кыскартылган. Орусия мунун себебин Канадага оңдоого жөнөтүлгөн турбинанын кайтарылбай жатышы менен байланыштырган.

Канада 18-июлда “Түндүк агым-1” газ куурунун Siemens турбинасын оңдоп, Германияга жөнөткөн. Турбина андан ары кеме аркылуу Орусияга чыгарылып кетмек.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Согушка чейин анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон.

“Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG