Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Кыргызстан бир кредитордун алдында тышкы карыздын чегин белгиледи


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын бир кредитордон алган карызы өлкөнүн тышкы карызынын 45% ашпашы керек деп аныктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-июлда кол койгон “2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомдо айтылат. Анда мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруунун жол-жобосу каралган. Кыргыз өкмөтү бул багытта бир кредитордун карызынын кескин көбөйүшүн алдын алуу чараларын аныктаган.

Мындан сырткары токтомдо мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн 70% ашпашы керектиги белгиленген.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы 2022-жылдын апрелине карата 5 млрд. 92 млн. долларды түздү. Анын ичинен ички карыз 901 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4 миллиард 191 миллион долларга жеткен.

Булардын ичинен Кыргызстан эң көп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз. Финансы министрлиги июль айында бул банкка өлкө 1 миллиард 794 миллион доллар же 147 миллиард 304 миллион сомдон ашык бересе экенин билдирди. Бул жалпы тышкы карыздын 42,8 пайызын түзөт. Быйыл өкмөт бул банкка 111,73 миллион доллар карызды төлөөнү пландап жатат.

Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө, социалдык тармактарда өлкөнүн тышкы карызы талкууланып жатат. 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте сүйлөп жатып, эгер Кыргызстан аласадан убагында кутула албаса, айрым объектилерди башкаруу укугу "башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн" айткан.

Бирок өлкө президенти Садыр Жапаров 2-июлда тышкы карыз төлөнбөй калат деген коркунучка негиз жоктугун баса белгилеген.

1-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына тышкы карыз тууралуу жазганы үчүн милиция бөлүмүнө сурак берип чыкты. Мындан соң Равшан Жээнбеков тышкы карыз маалымат алганын көрсөткөн «Азаттык», «Клооп» сыяктуу медиалардын жетекчилери да милициянын суроолоруна жооп берди.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG