Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Дүйнө лидерлери Абэнин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтышууда


Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ.
Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ.

Дүйнө лидерлери Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтышты. Ал жума күнкү кол салуудан кийин өзүнө келе албай каза болду.

Окуя Абэ өлкө түштүгүндө Нара шаарында парламенттик шайлоонун алдында үгүт иштерине катышып жаткан маалда болгон. Эл алдында сүйлөп жаткан 67 жаштагы мурдагы премьер-министрдин далыга белгисиз бирөө ок аткан.

АКШнын президенти Жо Байден Абэнин киши колдуу болушу аны «нес кылып, кайгыга салганын» айтып, Жапониянын мурдагы лидеринин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

«Бул Жапония жана аны таанып-билгендер үчүн трагедия. Ал эң алды жапон элин ойлоп, ага кызмат кылууга өз өмүрүн арнаган", - деди Байден.

Австралиянын өкмөт башчысы Энтони Альбанезе Абэ «дүйнөлүк аренадагы гиганттардын бири болгонун» айтты. Украинанын президенти жапон элине жана Абэнин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, «бул зомбулук актысын актоо мүмкүн эмес экенин» кошумчалады. Иран окуяны «террордук актка» теңеди.

Германия, Индия, Пакистан, Швеция, Италия, Британия, Испания, Филиппин жана башка мамлекеттердин лиделери да көңүл айтышты. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы бар.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди маркум Абэ жакында эле Жапон-Индия ассоциациясынын төрагасы болгонун белгилеп, анын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу 9-июлду Индияда улуттук аза күтүү күнүн жарыялады.

Полиция мурдагы өкмөт башчыга кеминде эки жолу ок атты деген шек менен 41 жаштагы эркек кармалганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG