Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Футбол: Кыргызстан Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди


Дөлөн Өмүрзаков стадионуна келген күйөрмандар. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Дөлөн Өмүрзаков стадионуна келген күйөрмандар. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек.

Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан 8-июнда Сингапур курама командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңди. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондө өттү.

Беттештин 1-таймы 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. 55-мүнөттө Сингапур оюнчусу Ю Янг Сонг эсепти ачты. 77-мүнөттө Сингапур оюнчусу Кыргызстандын жарым коргоочусу Виктор Майерге карата эреже бузуп, калыс пенальти белгиледи. Валерий Кичин топту дарбазага таамай тээп, эсепти теңеди. 80-мүнөттө Виктор Майер Сингапурга 2-голду киргизди.

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Тажикстан жана Мьянма командалары менен ойнойт.

Бүгүн, 8-июнда бул тайпада 1-турда Тажикстан жана Мьянма командалары беттешип, оюн тажикстандыктардын пайдасына 4:0 эсебинде аяктады.

Кыргызстандын футболчулары алдыда 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстан менен беттешет. Азия кубогунун тандоо оюндары жалпысынан алты тайпада өтүп жатат.

Тайпада лидер болгон алты команда жана экинчи орунду алган беш мыкты команда бир жылдан кийин Кытайда өтө турган Азия кубогуна жолдомо алат. Кыргызстан буга чейин 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өткөн Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG