Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан тең чыкты

8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойноду. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Кыргызстан биринчи беттешинде Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди.

22:58 14.6.2022

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттеши 0:0 эсеби менен бүттү.

Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген.

14-июнда B тайпасында Палестина жана Филиппин курама командалары беттешип, Палестина 4:0 менен утту. Ошентип төрт упайы болгон Филиппин тандоо оюндарынан четтеп калды. Анын жыйынтыгы менен Филиппинден жогорку упай алган беш курама команда Азия кубогуна жолдомо алат. Алардын катарында Кыргызстан менен Тажикстан бар.

Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты тайпада оюн өтүп жатат. Финалдык бөлүккө тайпанын алты лидери жана экинчи орундагы беш мыкты команда чыгат.

Ошентип, Азия кубогунун финалдык баскычына азырынча Жапония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кытай, Ирак, Оман, Вьетнам, Ливан, Палестина, Өзбекстан, Таиланд, Гонконг, Индия, Кыргызстан жана Тажикстан курама командалары өттү.

Азия кубогу 2023-жылы Кытайда болот. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштаган. Ага чейин 16 команда болчу.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

22:54 14.6.2022

Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды!

22:52 14.6.2022

22:40 14.6.2022

Кыргызстан курама командасынан Християн Браузмандын ордуна Тамирлан Козубаев оюнга чыкты.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG