Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Орусия: кыргыз мигранттарын эмне күтөт?


Москва шаары.
Москва шаары.

Украинада согуш башталып, Москвага катаал санкциялар киргизилгенден бери Орусиядагы кыргыз мигранттарынын жашоосу кандай өзгөрдү? Кандай кыйынчылыктар жаралып, кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болду? Мигранттар алдыда эмнеге даяр болушу керек?

“Азаттыктын” бул темага арналган талкуусуна Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири, “Ноокат” коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов, Орусия баш калаасындагы Жогорку экономика мектебинин аспиранты Нургүл Акимова, Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын “Кыргызстан-Урал” коомдук уюмунун төрайымы Гүлшан Долонбаева катышты.

Талкуунун радио версиясын бул жерден угуңуз:
Орусия: кыйналган жана кырдаалдан чыккан мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

- Талкуубузду баштардан мурда Украинада согуш башталгандан кийин Орусиядан Кыргызстанга кайтып келген Ош шаарынын атын атыгысы келбеген тургунунун пикирин уга кетели:

“Чынында жумуш азайып кетти. Санкциялардан кийин көп нерселер жабылды. Бирок бул ким кандай иш кыларына жараша. Статистикалык жактан алсак, санкция 10 адамдын 7-8ине таасирин тийгизди. Калган эки-үч адам жеке ишканаларда, бригада түзүп, курулушта иштеп жаткандар. Азыр эми кайтып келебиз дегендер бар. Айлык акылары түшүп кеткен. 40-45 миң (рубль) берип жаткан жерлер 35 миңге түшкөн. Биз айлык бере албайбыз деп ачык айта баштаган”, - деп билдирди Оштун тургуну.

- Толкунбай мырза, Орусиядагы бир миллиондой кыргызстандыктын орчундуу бөлүгү Москвада эмгектенип келет. Сиздин баамыңызда Украинадагы уруш жана Орусияга санкциялардын киргизилиши Москвадагы, деги эле Орусиядагы эмгек мигранттарына кандай таасирин тийгизди?

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

Толкунбай Акматов: Орусиянын февралда башталган бул “атайын операциясы” акыры таасири тие турган мезгилге келип калды эле. Мен билгенден жыл сайын мигранттар ушул мезгилде бала-чакасын алып, Москвадан Кыргызстанга дем алганы кете башташат. Азырынча ошондой болдубу, бирок көбү кетип жатат. Бирок санкциялардын таасири тийдиби же тийбедиби, бул азырынча белгисиз.

Анан рублдун куну жасалма түрдө көтөрүлгөнү үчүн, Кыргызстанда рублду алмаштырганда курсу өйдө болгону үчүн азырынча кыргызстандыктардын кызыгуусу бар деп ойлоп жатам. Бирок азырынча билине элек.

- Жапырт түрдө Кыргызстанга кетип жаткандар жок дегенди айткыңыз келип жатабы?

Толкунбай Акматов: Жок, жапырт кеткендей сезилип жатат. Эмне дегенде квартира берем дегендерди Телеграмдагы чаттардан көрүп жатам. Мисалы, декабрь, январь, февраль айларында баары квартира издеп жатышкан. Азыр болсо баары квартирант издеп жатышат. Алам дегендер жокко эсеп болуп жатат. Ошондуктан мага жапырт эле кетип жаткандай сезилип жатат.

- Екатеринбургдагы кырдаалды билсек. Гүлшан айым сиз ал жерде диаспоранын жетекчиси катары кырдаалга жакындан көз салып турсаңыз керек. Жалпы эле ушул үч айдын ичинде Екатеринбург, же Свердлов аймактарындагы кыргыз мигранттардын абалы кандай өзгөрдү?

Гүлшан Долонбаева: Биринчиден, февраль айында башталган ушул “атайын операциянын” көбүнчө кыргыз мигранттарына болгон терс таасири боюнча маалыматтарды акыркы учурда маалымат каражаттарынан көбүрөк учуратып жатабыз. Екатеринбург менен Свердлов облусунун карасак, бизде андай деле жапырт кеткендер, иши жок калып, ыйлап кайрылып же болбосо Кыргызстанга кетишим керек деп бизге кайрылган мекендештер жок.

Бирок жалпы статистиканы карасак, жумуш орундары кыскара баштады. Өз ара сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, аябай көп жумушчу орун түзгөн ишканалар жумушчуларына бир нече айга акы төлөнбөгөн өргүү берген, бирок ошол өргүү маалында да жарым акчаларын төлөп берип, “азырынча кичине кое тургула” деп суранган учурлар тууралуу маалымат түшкөн. Жалпысынан бизде “баары жапырт Кыргызстанды көздөй кетип жатат” деген эч кандай маалымат жок.

Андан сырткары Толкунбай мырза туура айтып кетти. Эки жылдан берки пандемияда Кыргызстанга баралбай калган жарандар болгон. Эми өзгөчө каттамдары жандангандан бери Кыргызстанга барып, балдарын үч айга таштап келебиз дегендер бар. Баары эле май-июнь айларында жайкын эс алууга Кыргызстанга кетишет. Бул иш таштоо же жумуш орундарынын кыскарышы эмес.

Толкунбай мырзанын дагы бир сөзүнө кошулам. Рублдун курсу кайра жогорулаганы үчүн Орусиядагы эмгек рыногу биздин мекендештер үчүн дагы деле кызык. Кыргызстанга барса эле “кел” деп тосуп алган эч ким болгондуктан эс алып, балдарын эс алдырып кайра эле кайтып келишет деп айта алабыз.

- Нургүл айым, “Форбс” басылмасы Орусияда жыл соңуна чейин 600 миң киши жумуш орунун жоготушу мүмкүн деп болжогон. Москванын мэри Сергей Собянин 18-апрелде жазган блогунда чет өлкөлүк компаниялар ишин токтотконуна байланыштуу 200 миңдей киши жумуштан айрылып калуу коркунучунда турганын, бирок аларды жумуш менен камсыздоо аракети жасалаарын айткан. Жалпы эле жүздөгөн чет өлкөлүк компаниялардын чыгып кетиши менен Орусияда эмгек рыногу кандай өзгөрдү?

Нургүл Акимова: Биринчи кезекте айта кетейин, мен бул тема боюнча атайын изилдөө жасаган эмесмин. Бирок статистикага таянсак, макроэкономикалык кырдаал кичине өзгөрдү. Эгерде март айында инфляциялык күтүүлөр жогорураак болсо, азыр ал 2021-жылдын май айындагы деңгээлге келип калды.

Нургүл Акимова.
Нургүл Акимова.

Бирок Орусияда бизнес чөйрөсүндө дагы деле чектөөлөр көп. Анткени март айында Орусиянын президентинин жарлыгы чыккан. Ага ылайык, бизнесмендер акчасын рубль менен алып жүрүүгө гана уруксат берилген. Ошого байланыштуу рублдын куну көтөрүлдү. Аны менен кошо Орусия менен соода-сатыгы бар мамлекеттердин валюталары, анын ичинде Кыргызстандын дагы сомунун куну кайра көтөрүлдү. Азыр эми ажиотаж азайып, кайра турукташып калды.

Ал эми Кыргызстандын статистикасын карасак, тышкы экономикалык соода былтыркыга караганда 1,5 эсе көбөйдү. Бирок бул көбүнчө импорттун өскөнүнө байланыштуу. Азыр эмне үчүн рубл менен сомдун курсу тең эмес деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени бизде валютага чектөө жок. Импорт көбүрөөк болгонго байланыштуу сомдун рублга карата курсу төмөндөдү. Ал эми Орусияда чектөөлөр бар. Рублга жасалма суроо-талап түзүлгөнүнө байланыштуу анын курсу көтөрүлдү.

Мигранттар боюнча кырдаалды жакшы билбейм. Бирок сөзсүз түрдө миграттар үчүн да жана Орусияда бизнес кылган адамдар үчүн дагы валюталык рынок акыркы ролду ойнобойт. Анткени сом менен рублдун айырмасына байланыштуу кирешесин Кыргызстанга жөнөтсө, ал көбүрөктөй сезилип калат.

- Толкунбай мырза, Орусияда соңку үч айда болгон өзгөрүүлөр көбүрөөк кайсы тармакта иштеген мигранттарга таасирин тийгизди? Жалпысынан мигрант дегенибиз менен Орусияда чоң акчаны айланткан ишкерлер бар, тейлөө тармагында, же бюджеттик тармактарда иштеген мекендештер бар эмеспи.

Толкунбай Акматов: Ресторан бизнеси, “Макдональдс” дегендер жабылды. Бул компаниялар жабылганы менен аз акча болсо да эки-үч ай жумушчуларынын айлыгын төлөп турушту.

Мен билгенден азыр көбүнчө такси тармагында иштегендерге таасири тийип жатат. Менин билишимче, Москвада 18 миңдей кыргыз таксисттери. Аларга кыйын боло баштады деп айтып жатышат. Курулуш тармагына да эпкини тийип жатат. Башкасына көп таасири тийгенин деле байкаган жокмун.

- Гүлшан айым, бир нече апталар мурда Орусиядагы айрым кыргызстандыктардын арасында кайсы бир деңгээлде жаңы мүмкүнчүктөр ачылып жатканын айткандар болду эле. Алар Орусиядан чыгып кеткен чоң фирмалардын кардарлары бизге келе баштады деп билдиришкен эле. Екатеринбургда ушундай бир мисалдар барбы? Кыргызстандык мекендештер кырдаалдан кантип чыгып жатышат?

Гүлшан Долонбаева: Ар бир кризисти мүмкүнчүлүк катары да кабыл алсак болот. Биздин көп ишкерлерибиз, жеңил өнөр-жайдагы ишкерлерибиз Орусиянын рыногунан чыгып кеткен бренддердин ордун басып калуу үчүн, чоң соода түйүндөрүндө өздөрүнүн бутигин ачуу үчүн, бизнесин кеңейтүү үчүн жакшы аракеттерди кылып жатышат.

Гүлшан Долонбаева.
Гүлшан Долонбаева.

Ошого байланыштуу биз 8-10-июнда Екатеринбург шаарында Кыргызстан-Орусия конференциясынан алкагында чоң бизнес форум уюштуруп жатабыз. Бул форумга Кыргызстандан ишкер айымдарды чакырдык. Кризистик шартта Орусия рыногунда бошоп калган тармактарды ээлеп калуу жана рыногду изилдөө максатында бул иш-чараны уюштуруп жатабыз.

Кечээ эле Москвада да “Беш манты” деген тез татым кыргыздардын бренди ачылганын уктук. Бул дагы биз үчүн сыймык. Ошондой эле тез татымдарды Екатеринбургда да чоң соода түйүндөр менен байланыш түзүп жайылтуу, биздин Кыргызстандагы ишкерлерге мүмкүнчүлүк жаратып берүү багытында иш алып барып жатабыз.

- Нургүл айым. Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк быйыл Орусия экономикасында солгундоо, кайсы бир деңгээлде рецессия болорун, натыйжада Борбор Азияга болгон акча которуулар азаярын эскертип жатышат. Мигранттардын мекенине жөнөткөн акчасы канчалык азайышы мүмкүн?

Нургүл Акимова: Кыргызстандын Улуттук банкынын статистикасын карадым. 2021-жылдын биринчи кварталы менен 2022-жылдын биринчи кварталынын айырмасы чоң эмес экен. Ал эми акча которуунун сапаты да ошол бойдон эле калыптыр. Бирок жалпы суммасында кичине өзгөрүү бар. Менимче, буга валютанын курсундагы айырмачылык себеп болду. Бирок азырынча азайды же көбөйдү деп айтууга негиз жок.

- Ал эми Орусиянын экономикасы тууралуу прогноздорду эске алганда, болочоктогу рецессия мигранттардын капчыгына кандай таасирин тийгизет?

Нургүл Акимова: Эл аралык уюмдар жалпы экономиканы карашат. Эмгек мигранттарынын капитализациясын карасак, алар ээлеген тармактар куушураак.

Эл аралык уюмдар көбүнчө экономикалык, биржалык көлөмдөрдү эсептешет. Ал эми ишкерлерге жеткиче балким, бир жыл өтүшү мүмкүн. Андыктан Орусиянын экономикасына байланыштуу прогноздорду дароо мигранттар үчүн колдонуу кыйын.

- Толкунбай мырза, алдыда айтылгандарды жыйынтыктай турган болсок, Орусия кыргызстандык мигранттардын дагы деле негизги багыты бойдон кала берүүдө деп айтса болобу? Же Орусиядан башка өлкөлөрдү караштырып жаткан мигранттардын катары калыңдадыбы?

Толкунбай Акматов: Ушуну жакшы айттыңыз. Мен буга чейин көп эле айттым. Биз, мигранттар кээ бир мамлекеттер үчүн курал болуп калдык. Себеби биз бул жерде көппүз. Саясий курал болуп калышыбыз мүмкүн. Ошону үчүн биздин кыргыз мамлекетибиз, башка Европа мамлекеттери, Америка, Түркия менен сүйлөшүп биздин мигранттардын санын бул жерден азайтыш керек эле.

Акыркы күндөрү башка жакты эңсеген мигранттар көбөйө баштаганын көрүп жатам. Эгерде Украинадагы уруш токтогон болсо, көбүнчө курулуш тармагы ал жакка кетсе керек. Анан өзүңүздөр билесиздер, жакында миң адам Англияга кетет деп жатышат. Берлиндеги элчи Текебаев Германияда иштегенге шарт түзүү боюнча сүйлөшүп жатышат деп айтышууда. Ушуга окшогон мүмкүнчүлүктөр көбөйсө, бул жактагы мигранттардын саны азайганы жакшы деп ойлойм.

“Европага же башка жактарга деле кетсе болот экен” деген көп мигранттар менен сүйлөшүп калдым. Себеби ал жакта мигранттарга түзүлгөн шарт жакшы жана акчасы күчтүрөөк деп жатышат. Негизи биздин мамлекет ойлонушу керек. Бишкекте миграцияны тескеген кызмат бар. Ал кызматтын акыркы күндөрү иштеп жатканын турганын көрбөй турам.

Жетекчилер ушул багытта ойлонушу керек. Бул жактагы мигранттардын санын азайтып, дүйнөнүн ар бурчуна таркаткан туура болот. Мисалы, Канада, Австралия деген чоң мамлекеттер бар.

Гүлшан Долонбаева: Азыр практикалык жагын карай турган болсок, мен Толкунбай мырзага кошула албайм. Кыргыздардын барын чачыратып, Орусияда азайтып, мекендештердин баарын дүйнө жүзүнө таркатышыбыз дегенден кайтышыбыз керек. Биздин өкмөттүн алдында бирден-бир чоң милдет турат - бул эч кимди миграцияга кетирбей, эмгек ресурстарын баарын өлкөбүздө калтырып, жумуш ордуларын түзүү менен үй-бүлөнү да сактап калуу, миграцияга эч кимди кетирбөө, кадр жана демографиялык маселелерди чечүү.

Улуу Британияга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.
Улуу Британияга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.

Бул сыяктуу маселелерди өкмөт чечсе, биз барыбыз талаалап жүрбөйт элек.
Европага, кечээ Кореяга 200 адам кетти. Англияга миңдей мигрант кетти. Ошо өнүккөн өлкөлөргө бизден кеткен мигранттардын баарын кошуп келгенде да, Орусияда миграцияда жүргөн мекендештердин он пайызын деле түзбөйт. Аны биз моюнга алышыбыз керек.

Орусия биздин стратегиялак өнөктөш катары болгон, мындан ары да боло берет. Ошондуктан биздин Орусияда жашап жаткан мекендештердин абалы жөнүндө, алардын саясий орду тууралуу азыр чогуу ойлонуп, ошолор менен кошо тыгыз жакшы концепцияга келе турган убакыт жетип келди го деп ойлойм.

Биз ошол Жапонияга, Кореяга жөнөтөбүз деп атабыз. Ошого карабастан биздин мекендештердин басымдуу көпчүлүгү үчүн Орусиянын шарты дагы, рыногу дагы азырынча кызык.

- Гүлшан айым, соңку кырдаалды эске алганда Орусия ушундай шартты же жумуш орундарын түзүп бергенге чама-чаркы жетеби деген да суроо турбайбы?

- Иштейм деген адам кайсы жерде болсо да, иштеп өзүнүн нанын табат. Биздин мыйзамдуу эмес иштеген мекендештерге көп залакасы тийип калып жатат. Документтери жок иштеген мекендештер биринчи тобокел тобуна кирип калышат. Ошону үчүн мекендештер алгач мыйзамдашууга жана ишке расмий эмгек келишими менен кирүүгө көңүл бурушу керек.

Германияда жашап жаткан, орус жарандыгы бар биздин мекендештер деле байланышка чыгып жатышат. Ал жакта деле санкциялардын таасири сезилип жатат.Бардык эле мамлекетте азыр экономикалык абал оңой эмес.

- Нүргүл айым, алдыда айтылгандарды эске алганда, экономикалык кырдаалды эске алганда Орусиядагы эмгек мигранттары алдыңкы айларда эмне көңүл бурушу керек? Кандай өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн?

- Азыр көбүнчө чогулткан акчасы бар мигранттар электрондук соода-сатыкка чыгып жатышат. Ошол платформаларда иштесе болот. Анткени көп эле орундар бошоп жатат. Чет өлкөлүк компаниялар кетип жатат. Бирок ушул жылы кийинки багыт кандай болоору билинет. Сентябрга чейин чектөөлөр бар. Ага чейин кандай маселелер бар экени сезилбеши мүмкүн.

Валюта кийин арзандап кетеби, же кымбаттап кетеби эч ким билбейт. Ошону үчүн биринчи кезекте эгерде инвестициясы болсо, аны же башка мамлекетке инвестиция кылышы керек, же болбосо Орусиянын алкагында болсо, анда электрондук соода-сатыктын келечеги бар деп ойлойм.

Экинчиден, мигранттардын көбү жалданып иштешет. Алар чогулткан акчаларын рублда эмес, башка валютада кармашса коопсузураак болобу дейм. Мисалы юань, фунт стерлинг, же конфликтке байланышы жок валюталарды тандоо керек. Азыр конфликт бүтмөйүнчө, мындан ары кандай перспектива болоорун билбейбиз.

Ал эми дүйнөлүк прогноздордун мигранттарга көп тиешеси жок. Анткени алар көбүнчө чоң рынокторду изилдешет. Мисалы, мунай рыногун же металл рыногун талдашат. Алардын эмгек миграциясына көп деле таасирин тийгизбейт.

Миграцияга Евразия экономикалык биримдигинин эрежелери таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени беш мамлекеттин эрежелери окшош. Мисалы, жумушка уруксат алуу оңой болуп калган. Мигранттардын абалы бул уюмдун комиссиясы кандай чечимдерди кабыл алганга көз каранды.

- Талкууга катышканыңыздар үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG