Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Түркияда качкын макамын алган украиндер көбөйдү


Түркиянын Эдирне аймагындагы иммигранттар. 2020-жыл.
Түркиянын Эдирне аймагындагы иммигранттар. 2020-жыл.

Түркиянын Миграция департаменти жыл башынан бери мыйзамсыз жүргөн 21 миң качкын өз мекенине депортацияланганын жарыялады.

Расмий Анкаранын эсебинде, качкын макамын алган украиналыктардын саны 60 миңге чукулдады.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында 17-апрелде чыккан маалыматка караганда, мыйзамсыз жүргөндүктөн депортацияланган 21 миңдей качкындын он миңдейи Ооганстанга, төрт миң качкын Пакистанга жана башка өлкөлөргө кайра кайтарылды.

Билдирүүдө мыйзамсыз иммиграцияны жарнамалап жаткан аткезчилер тууралуу да айтылды:

"Аткезчилер негизинен социалдык тармактарды жаңы кардарларды табуу үчүн колдонушат. "Түркиянын чек арасынан тоскоолдуксуз өтөсүз" деген жарнамаларды социалдык тармактарда Ооганстан-Иран же Ооганстан-Пакистан чек арасындагы сүрөттөр менен жарыялашат. Мындан улам чек араны мыйзамсыз өткөн иммигранттардын саны өлкөбүздө өсүүдө", - деп жазылат түрк полициясынын маалыматында.

Ошондой эле Түркияда "Аткезчилик" жана "Адам сатуу" беренелери боюнча жыл башынан бери 2 254 чет өлкөлүк кармалганы маалым болду.

Депортацияланган качкындардын дээрлик көпчүлүгү чартер каттамдары менен Ооганстанга жана Пакистанга жөнөтүлгөн.

Түркия-Грекия чек арасындагы качкындар. 2020-жыл.
Түркия-Грекия чек арасындагы качкындар. 2020-жыл.

Түрк бийлигинин мындай "тазалоо" иш-чарасы жыл башынан бери тыкыр иштеп жатканын жергиликтүү басылмалар байма-бай жазып турушат. Айрыкча соңку күндөрү ооган жана пакистан жарандарынын түрк аялдарга ыдык көрсөткөнү соцтармактарда кеңири жайылып, коомдо бир топ чыңалуу жаратты.

Стамбул шаарынын жетекчилиги 1-январдан 15-апрелге чейин 18 миң 781 мыйзамсыз мигрант жоопко тартылганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кылмыш иши козголгондордун 4661и ооган, 1418и пакистандыктар экени аныкталган. Муну менен катар үч айдын ичинде эле Стамбулдан сегиз миңдей качкын депортацияланган.

Түркиядагы качкындардын абалы тууралуу маал-маалы менен жергиликтүү саясатчылар жана оппозиция маселе көтөрүп жүрсө, президент Режеп Тайып Эрдогандын бир ай мурунку сөзү бул талкууга кайрадан жем таштады.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

"Кечээ Ирак, Сирия, Ооганстандан келишсе, бүгүн алар Украинадан келип атышат. Эртең кайдан келерин билбейбиз. Оппозиция "шайлоодо жеңишке жетсек, качкындарды өз өлкөлөрүнө кайтарабыз" дейт. Биз кайтарбайбыз. Буга эч күмөн жок", - деди Эрдоган 15-марттагы элге кайрылуусунда.

Ал эми өлкөдөгү CHP, IYI сыяктуу оппозициялык партиялар бийликке келсе Сириядагы согушту токтотууга жардам берип, качкындарды өз өлкөлөрүнө жөнөтүүнү көздөп жатканын ачык-айкын билдирип келет.

Түрк лидеринин украиналыктар жөнүндө сөз кылганынын жөнү бар. Анткени согуш башталгандан бери Түркияга 60 миңдей украиналык качкын кирди. Ички иштер министри Сулейман Сойлу жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде украиндердин дээрлик көпчүлүгү түрк-болгар чек арасынан өткөнүн кабарлады. Министр ошондой эле эки айдан бери Түркиядан Украинага 51 машине гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Украинадагы согушка каршы митинг. Стамбул шаары. 27-февраль, 2022-жыл.
Украинадагы согушка каршы митинг. Стамбул шаары. 27-февраль, 2022-жыл.

Ушул тапта Түркияга кирген орусиялыктардын так саны белгисиз. Бирок март айында бул жерде батир сатып алган же ижарага үй-жай издегендердин арасында орусиялыктар сап башында экени айтылып келет.

Бир ай мурун орусиялык белгилүү рэп ырчысы Oxxxymiron (Мирон Фёдоров) Стамбулда Украинадагы согушта жабыркагандарга кайрымдуулук концертин өткөрдү.

"Мен кайрымдуулук концерттеримдин сериясы башталганын билдиргим келет. Ал "Орусиялыктар согушка каршы" деп аталат. Учурда Орусияда согушка каршы концерт уюштуруу мүмкүн эмес, ошондуктан менин концерттерим чет өлкөлөрдө өтөт. Андан түшкөн каражат толугу менен Украинадан качкан жарандарга жумшалат",- деп билдирди ырчы Инстаграм баракчасынан.

Түркиялык басылмалар бул концертке негизинен согуштан качкан 400дөй орус жараны келип, жарандык позицияларын билдиргенин жазып чыгышты.

Стамбулдан кийин Oxxxymiron Берлин жана Лондондо жеке концертин өткөрдү. Ал андан түшкөн 200 миң долларга чукул акча украиналык качкындарга которулганын кабарлады.

Түркия дүйнөдө эң көп качкынды кабыл алган өлкө. БУУнун качкындар агенттигинин (UNHCR) маалыматы боюнча ушул тапта түрк жергесинде 4 миллионго чукул сириялык баш калкалайт. Алардын 100 миңдейине туруктуу жашоого уруксат берилсе, дагы 150 миңдейи түрк жарандыгын алаган. Өлкөдө сириялыктардан башка расмий качкын статусун алган 100 миңдей ооганстандыктар бар экени айтылат. Анткен менен серепчилер дагы 500 миңдей ооган качкын мыйзамсыз кирип, кооптуу жагдай жаратып жатышканын айтып келишет.

2016-жылы Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен каржылык жардам алмак болгон.

Сирияда жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери, жүз миңдеген качкындар Түркиянын чегине жетип, андан ары Грекия өңдүү Европа өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылып келишет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG