Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

Эрдоган Швеция жана Финляндиянын башчыларына талаптарын кайталады


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ишемби күнү НАТОго кошулууну көздөп жаткан Швеция менен Финляндиядан Анкара "террордук уюм" деп тааныган топтун өкүлдөрүнө баш паанек берүүдөн баш тартууну кайра талап кылды. Бул эки өлкө аскерий блокко кошулушу үчүн НАТОго мүчө бардык өлкөлөр, анын ичинде Түркия дагы колдошу керек.

Анкара буга чейин Стокгольм менен Хельсинкиге өз шартын койгон. Андан тышкары курал экспортуна чектөөнүн алынышын каалайт. Эмбарго Түркия 2019-жылы Сирияга басып киргенден кийин киргизилген.

Эрдоган Финляндиянын президенти Саули Ниинистё жана Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон менен телефондон сүйлөштү. Мындан сырткары ал НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге дагы телефон чалган.

Эрдогандын администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, түрк президенти Столтенбергге Анкара эки өлкөнүн “террорчулукка каршы күрөштө жана башка маселелер боюнча кызматташууга даяр экендигин "ачык көрсөтпөсө", алардын НАТОго кирүү өтүнүчтөрүн четке кага турганын айткан. Столтенберг сүйлөшүүлөрдө бардык тараптардын коопсуздук жаатындагы тынчсызданууларын эске ала тургандай чечим табылышы керектигин билдирген.


Эрдоган НАТОго Финляндия менен Швецияны кабыл алууга каршы экенин 13-майда жарыялап, Швецияны "террордук уюмдарды көбөйтүүдө" деп айыптаган. Стокгольм бир топ күрд тектүүлөргө башпаанек берген. Анкара аларды терроризмге айыпталган "Күрддөрдүн жумушчу партиясы" менен байланышы бар деп эсептейт.

18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырышты. Столтенберг аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин бардыгынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

19-майда НАТОнун мүчөлөрүнүн бири Түркия мурда жарыялаган позициясын карманып, Финляндия менен Швециянын аталган уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койгон.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG