Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:54

БУУ: “Азовсталдан” жана Мариуполдон 500дөй адам эвакуацияланды


Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводу ушул тапта да аткыланып жатат.
Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводу ушул тапта да аткыланып жатат.

Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариупол шаарынан жана анда дале каршылык көрсөтүп жаткан “Азовсталь” заводунун аймагынан 500дөй адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган аймактарга чыгарылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Твиттердеги баракчасына жазды.

“Москва жана Киевдин ортосундагы координация дагы улантылып, гуманитардык тынымдарды улантуу жана жайкын тургундарды коопсуз чыгарып кетүү камсыздалат деп үмүттөнөм”,-деп жазды ал.

Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак да жарандарды эвакуациялоо ийгиликтүү ишке ашканын, 500дөй адам коопсуз жакка жеткенин ырастады. Тургундар украин бийлиги көзөмөлдөп турган Запорожье шаарына жеткирилди.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги “Азовсталь” заводундагы жайкын тургундар үчүн 5-6-7-май күндөрү жашыл коридор ачыларын билдирген. Бирок расмий Киев заводдун аймагы ушул тапта дале аткыланып жатканын, орус аскерлери ичине киргенин билдирүүдө. Ал жакта жүргөн украин жоокерлери да ушул маалыматтарды кабарлап, аларды да куткарып чыгууну Киевден өтүнүүдө. Аскерлер БУУга, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн президенттерине да жардам сурап кайрылышты.

Заводдун алдында эки айча убакыттан бери жаткандарды алгачкы жолу эвакуациялоо БУУ жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен ишке ашты. 5-майда кезектеги гуманитардык автобустардын колоннасы жөнөтүлгөнүн Гуттериштин орун басары Мартин Гриффитс маалымдаган.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган. Заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган.

Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG