Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Кыздардын технологиядагы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-апрель - эл аралык “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнө карата онлайн жыйын өттү. Анда эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, санариптик технология жаатындагы ийгиликтүү кыз-келиндер өз тажрыйбаларын бөлүшүп, кыздар үчүн технологиядагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Онлайн-маектешүүнүн негизги баяндамачысы, экс-президент Роза Отунбаева кыздардын технологиядагы мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенин белгиледи.

"Биздин фонд 2013-жылдан баштап эле кыздар маалыматтык-технологиялык илим алсын деген демилге менен келе жатабыз. Соңку 2 жылдан бери STEM программабыз иштеп жатат. Анын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында эки миңден ашуун окуучу кыздарга 193 адис менторлук кылып, окутуп чыгарды. Ал дагы деле уланып жатат. Технологиялык билимдерсиз биз 21-кылымды багындыра албайбыз."

"Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр" онлайн-маектешүүсүнүн максаты - кыздарды, өзгөчө алыскы айыл-аймактардагы кыз-келиндерди окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу.

Президенттин жарлыгына ылайык, табигый так илимдерден сабак берген мугалимдердин айлык акысы башка мугалимдерге караганда 20% көтөрүлгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG