Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:08

АКШнын президенти армян геноцидинин жылдыгына карата билдирүү жасады


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден Осмон империясынын 1915-жылы армяндарга салган жапырт кыргынынын 107-жылдыгына байланыштуу 24-апрелде билдирүү жасады. Бул окуяны АКШ жана башка өлкөлөр расмий түрдө геноцид деп тааныган.

Окуянын мурдагы жылы белгилөө учурунда шайлоого байланыштуу жүрүштөрүндө Байден биринчи жолу “геноцид” терминин колдонгон. АКШнын мурдагы президенттери НАТОдогу өнөктөшү Түркиянын реакциясынан чочулап, мындай терминди колдонбой келишкен.

107-жылдыкка карата сөзүндө Байден “азыркыдан да бейпил дүйнөнү куруудагы аракеттерди күчөтүүнү” сунуштады. Бул жолку билдирүүсүндө ал Украинадагы согушка байланыштуу да кеп кылды. Орусиянын Украинадагы жайкын тургундарды аткылоосун Байден мурдараак "геноцид" деп атаган.

Армения менен Түркия мамилеси XX кылымдын башынан бери начар. Армения 1915-1916-жылдары Осмон империясынын аймагында жашаган бир жарым миллионго жакын армян өлтүрүлгөн деп эсептейт. Армян геноциди тууралуу Еревандын дооматын дүйнөнүн 33 өлкөсү тааныган. Анкара ал тарыхый окуяларга геноцид катары баа берүүнү кескин четке кагып, мамлекеттин армян калкын кыруу боюнча максаттуу саясаты болбогонун жүйө келтирип келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG