Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Бишкекте журналист Бүбүкан Досалиеваны эскерүү иш-чарасы өтүп жатат


Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Соода борборлорунун биринде чыгаан журналист Бүбүкан Досалиеваны эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.

Анда Досалиеванын "Энелер жөнүндө баллада" аттуу китеби талкууланууда. Иш-чараны "Улуу тоолор" басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров уюштурган. Эскерүү кечеге журналисттин жакындары, "Азаттыктын" журналисти, акын Бурулкан Сарыгулова жана окурмандар катышууда.

Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан көз жумган.

Досалиева көзү тирүүсүндө "Эфирде мезгил тарыхы" китебин даярдап бүткөндөн кийин каза болгон. Үй-бүлөсү аны басып чыгарып, Бишкектеги Улуттук китепканада 5-ноябрда китептин бет ачары өткөн.

Автордун 2014-жылы жарыялаган "Энелер жөнүндө баллада" аттуу китеби да эскерүүлөр менен толукталып, экинчи жолу басылды. Анда Бүбүкан Досалиеванын сүрөттөрү, макалалары, ал жөнүндө эскерүүлөр жана алган сыйлыктары камтылган.

Ал 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мултимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG