Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

"Максим мурда Айдардын командасында болчу"


“Парламент кадимки жармаңкеге айланган”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:27 0:00

“Парламент кадимки жармаңкеге айланган”

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Муратбек Мукашев "Бийлик сырлары" берүүбүздүн коногу болду. Ал маегинде кантип финансист-банкир болуп такшалганын, ичкиликтин пайда-зыянын, өзүнө болгон кол салуунун себебин, кантип Жогорку Кеңештин төрагасы болгонун, парламент "жармаңкеге" айланганын жана Султан Ибраимов, Акаев, Бакиев, Токтоналиев, Волский жөнүндө пикирлерин айтты.

- Муратбек Осмоналиевич, 1994-жылы 44 жаштагы Муратбек Мукашев Кыргызстандын финансы министри болот деп турганда, аны көрө албастары автокырсыкка учуратышкан, деп көп айтылат, ушул чынбы, болсо, анын чоо-жайын айтып бере аласызбы?

- Мен анда “Промстройбанкты” жетектеп турган. Ооба, менин талапкерлигим финансы министрине каралып жаткан, орун бош болчу. Бул кызматка башкалар да аракет кылышкан. Жогору жактагылар чакырып калса даярданып алайын деп экономика, бюджет ж.б. домументтерди карап отурсам, баккан эжем телефон чалып, “кайда жүрөсүң, баягы сен жакшы көргөн “жаркопту” жасап койдум, үйгө келип жеп кет” деп калды. Түндө барып келатсам алдыман эки киши чыкты, алар мени куушту, мен качтым. Качып келатып, машинага урунуп, кырсыкка учурап жатпаймынбы. Милиция келди, документтеримди бердим, териштиришти. Анан “тез жардам” келип калып аман калгам. Мен бул окуяны эстегим келбейт. Кыргызда “бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле” деген накыл сөз бар. Убагында мага жамандык кылгандардын көбү бул дүйнөдөн өтүп кетишти...

- Сизге “кол салуу болгон” деген версия мамлекеттик органдар аркылуу далилденгенби?

- Бул окуя боюнча журналист Мундузбек Тентимишев кенен иликтөө жүргүзгөн. Кийин китеп да жазган. Анда менин үстүмөн ким арыз жазган, качан, кайсы жерде, эмне болгон баары жазылган...​

- Сизди президент Аскар Акаевге ким сунуштаган?

- Мени көп жылдык тажрыйбасы бар финансист-банкир деп ал кездеги премьер-министр Апаз Жумагулов сунуш кылган экен…

- Сиз башкарган “Промстройбанкка” убагында президент Акаевдин баласы Айдар көз артып, тартып алуу аракетин көргөн, деп айтылып келет, ушул чынбы?

- Банк өз нугунда, жакшы иштеп жаткан, таза банк эле. Акаевдин маркум болуп кеткен баласы Айдар аракет кылды, акцияларды күч менен тартып алабыз дешти. Анда мен депутат элем, Аскар Акаевге кирип айттым. Ал “Муратбек, Айдар деген болгону “клерк”, финансы министринин жардамчысы эле, ал андай ишти жасай албайт” деди президент. Иштин чыныгы жүзү президент качып кеткендин кийин ачыкка чыкты. Алар акциялардын 39 пайызын алган, бирок, көзөмөл кылчу акцияларды алууга жетишпей калышкан…

- Көзөмөл кыла турган акция сизде беле?

- Жок, менде болгону 10% эле акция бар болчу... Устав боюнча бир киши 10 пайыздан көп акция алалбайт болчу.

- "Промстройбанк" Бакиев бийликке келгенде анын баласы Максим Бакиевге кандайча өтүп кетти?

- Ачык айтканда Максим мурда Айдардын командасында болчу. Ал Айдардын кылган ишинин баарын уланткан. Надел, Гуревич дегендер чыкты. Улуттук банкты, Социалдык фондду шылтоо кылып жүрүшүп, акыры банкты алышты.

- Сиз банкты Максимге тарттырып жибергенден кийин "Мукашев акциясын сактап калды, банкка тиешелүү пансионатка ээ болду" деп жүрүшпөйбү?

- Акция сакталып калган жок... сатып алышты... Пансионатты мен сатып алдым.

- Пансионат “Промстройбанктыкы” болчу да?

- Бирок, меники эмес болчу да...​

- Сиз 2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келгенде банкты кайрадан алууга аракет кылдыңыз, майнап чыктыбы?

- Банкты басып алгандарга кылмыш иши козголду. 5 миллиард доллар акча сыртка чыгып кеткени ачыкталды. Мен ичимдеги бир сырды айтсам “эгер алар менен соттошпосом бул дүйнөнү билбей эле өтүп кете бермек экенмин” деп ойлойм коём. Убактылуу өкмөттүн убагында банк “Азия универсалбанк” болду. Кийин “Залкар” деп өзгөрдү, андан соң “Керемет” деген атка алмашты... Баарында коррупциянын каймагы болгону билинди да.​

- Сиз бир интервьюңузда "Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөндө өзүмдү жармаңкеде, базарда жүргөндөй сезчүмүн" деп айтыптырсыз, эмне үчүн?

- Парламентте жеке кызыкчылык деген күчтүү болорун сездим, андан кийин топтун кызыкчылыгы, андан соң аймактын кызыкчылыгы дегендер болот экен. Мисалы, Танаевди премьер-министр шайлаарда кадимкидей соодалашуулар болгон. Депутаттарга “бул кишиңизди тиги кызматка коём, мындай жардам берем, аны бүтүрүп берем” деген убадалар болду. Танаев өкмөт башчы болгондон кийин баягы убадаларынын көбүн аткара албай калды. Ошондо депутаттар аны премьер-министрден кайра кулатабыз, деп чыгышты. Анан баягы соодалашуу, жармаңке кайра башталат...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG