Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Бишкекте былтыр 745 балага социалдык жардам көрсөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы балдарды зомбулуктан коргоо максатында 17 миңден ашуун үй-бүлөнүн жашоо-шартын иликтеп чыкты. Натыйжада оор турмуштук абалдагы, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын тизмеси түзүлдү. 161 үй-бүлөгө социалдык жардам берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Баш калаада балдарды зомбулуктан коргоо үчүн 111 кыска номуру аркылуу психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүүдө. Запкы тарткан балдарга жардам берүү максатында "Балдарга социалдык тез жардам" көрсөтүү кызматы иштеп, 2021-жылы 745 балага көмөк көрсөткөн.

2020-жылдан бери балдарга жана аялдарга карата зомбулук 70% чейин өскөнүн акыркы изилдөөлөр көрсөтүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы балдарга карата өлкөдө жалпы 325тен ашуун зордук-зомбулук катталды. Үйүнөн ур-токмокко алынган 174 балага соттор ата-энесинен, жакындарынан коргоо үчүн атайын ордер берген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG