Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:06

Кыргызстанда көмүрдүн орточо баасы 5 миң сомдон бир аз жогору


Кара-Кече көмүр кени. Ноябрь, 2021-жыл.
Кара-Кече көмүр кени. Ноябрь, 2021-жыл.

Көмүрдүн баасы 21-январга карата Кыргызстанда орточо 5 миң 183 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Эң арзан баа Чаек айылында, бир тонна көмүр 3000 сом. Балыкчы шаарында – 4 000 сом, Кара-Балта жана Бишкек шаарларында – 4500 сомдон сатылууда.

Эң кымбат көмүр Ноокат районунда – 7 599 сом, Баткен облусунда 7 230 сом жана Кара-Суу районунда 7 000 сом.

Былтыр 12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салуу чарасын киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралган.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.

Кара-Кече кениндеги тазалоо иштерине байланыштуу көмүр сатуу экинчи жолу токтотулду. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 27-декабрдан 10-январга чейин иш убактылуу токтогонун кабарлаган. Ага чейин кенде 15-декабардан 20-декабрга чейин тазалоо иштери жүргөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG