Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Көмүрдүн баасы 8% арзандады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 24-декабрда көмүрдүн орточо баасы 5 миң 211 сомду түзүп, ноябрь айына салыштырмалуу 8,2% арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, статистика чыгарууда баанын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен (бир тонна үчүн 2 120,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү эске алынды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 000 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом) болгону байкалды. Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна үчүн 7 599 сом), Кербен (бир тонна үчүн 7 251 сом) жана Кара-Сууда (бир тонна үчүн 7 000 сом) көмүр салыштырмалуу кымбат сатылууда.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салуу чарасын киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.

Кара-Кече кениндеги тазалоо иштерине байланыштуу көмүр сатуу экинчи жолу токтотулду. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 27-декабрдан 10-январга чейин иш убактылуу токтогонун кабарлады. Ага чейин кенде 15-декабардан 20-декабрга чейин тазалоо иштери жүргөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG