Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Жогорку Кеңеш судья Боронбаеваны убактылуу кызматтан четтетүүгө макул болду


Парламент бүгүн, 22-декабрдагы жыйынында Жогорку соттун судьясы Дилфуза Боронбаеваны убактылуу кызматтан четтетүү тууралуу президенттин сунушуна макул болду.

Бул маселе добуш берүүгө бир нече жолу коюлуп, төртүнчү жолкусунда 63 депутат “макул”, тогузу каршы добуш берген.

Быйыл жыл башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку соттун дагы бир судьясына карата мыйзамсыз баюу боюнча иликтөө башталганын билдирген. 11-январда таратылган расмий кабарга ылайык, соттор коллегиясынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча судьясы Дилфуза Боронбаева кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан.

Судьяга каршы Жазык кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы ошол кезде “Судьяга таандык мүлктүн көбү ага жана үй-бүлөсүнө тиешеси жок" жок деген комментарий берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG