Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:02

Талапкердин жолдошу добуш сатып алууга шек саналып кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер Элиза Дюшембиева добуш сатып алууга аракет кылган деп шек саналып жатканын билдирди.

Атайын кызмат кабарлагандай, талапкердин жолдошу аталган партияга үгүт жүргүзгөн сегиз киши аркылуу Чүйдүн Ысык-Ата районунан добуш сатып алууну көздөгөн. 27-ноябрда Ивановка айылында ал 30 миң сом берип жатканда кармалган. Жанынан партиянын үгүт баракчалары табылган.

Дюшембиеванын өзүнөн жакындарынан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчилиги шайлоо алдында өздөрүн оппозиция деп жарыялаган.

Бир күн мурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы добуш сатып алууга шек санап "Альянс" партиясынын мүчөсүн кармаган. Бул партияда да бийликтин дарегине сын айткан саясатчылар бар.

Мурдараак бир мандаттуу округдардан аттанган айрым талапкерлер да добуш сатып алууга шек саналып жатканы кабарланган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG