Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:30

УКМК Тажикстанга көмүр ташыгандар кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан Тажикстанга көмүрдү мыйзамсыз ташып бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мекемеге караштуу Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткен облусунун Лейлек районундагы Майты айылында "Мерседес" жана MAN үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унааны токтоткон. Айдоочулар качып кетүүгө аракет кылып, чек арачылардын эскертүү ирээтинде аткан огунан кийин токтошкон.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Кыргызстандан Тажикстанга эч кандай уруксат кагаздары жок 15 тонна көмүр алып баратканы аныкталган.

Айдоочулар жана жүк тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айынын соңундагы куралдуу кагылыштан кийин жергиликтүүлөр Тажикстанга аткезчилик жүк ташууга каршы күрөшүүнү күчөтүү талабын коюп, акцияларды өткөрүшкөн. Жергиликтүү жаштардан ыктыярдуу топтор түзүлүп, чек арага жакын аймактарды көзөмөлдөөнү уюштурушкан.

Эки өлкө ортосундагы аткезчилик президенттердин деңгээлинде да талкууланган. 28-июнда Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барганда тажик президенти Эмомали Рахмон менен бул жаатта биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Эки мамлекет башчылары мыйзамсыз товар ташуу токтобой жатканына тынчсызданышкан (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG