Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Байден Ооганстандагы миссиянын аякташын “Америка үчүн эң жакшы чечим” деп баалады


Президент Жо Байден, 31-август, 2021-жыл.
Президент Жо Байден, 31-август, 2021-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден 31-августтагы телекайрылуусунда америкалык күчтөрдүн Ооганстандагы соңку операциясына баа берип, анын алдында ооган жергесинен “чыгып кетүү же күчтөндүрүү” шарты турганын жана өз чечими үчүн “жоопкерчилик” аларын айтты.

Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү “Америка үчүн эң жакшы чечим” болгонун белгиледи. “Бизде мындан ары Ооганстанда мөөнөтсүз миссияны улантуу максатыбыз жок”, – деди Кабулдан америкалык аскерлер толук чыгып кеткендин эртеси. Байден белгилегендей, ооган согушуна аралаша берүү “Кошмо Штаттардын эң башкы улуттук кызыкчылыктарына дал келбейт”.

Америкалык лидер ошондой эле “ишти толук аягына чыга элекпиз” деп айтты. Аскерлер толук чыгып кеткени менен кеминде 100 америкалык жаран Ооганстанда калды. “Аларды чыгарып алуу үчүн кандайдыр бир мөөнөт жок”, – деди Байден.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган америкалык, чет элдик жаранбы же өнөктөш оогандар болобу - дипломатиялык жолдор аркылуу ишке ашырууну жетектейт.

Байден 26-августта 13 америкалык аскердин канын төгүп, 180дөн ашуун кишини жарадар кылган чабуулду уюштурган “Ислам мамлекети - Хорасан” террордук уюмуна “биз силер менен эсептешебиз” деп эскертти.

14-августтан тарта АКШ башка союздаштары менен 122 миңден ашуун кишини ооган жергесинен эвакуациялады. Августтун этегинде АКШ ооган жергесинен аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG