Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:19

Текебаев: "Ата Мекен" парламенттик шайлоого катышат


Өмүрбек Текебаев жана Наталья Никитенко
Өмүрбек Текебаев жана Наталья Никитенко

“Ата Мекен” күзүндө өтө турган шайлоого катышат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди.

"Былтыркы шайлоого жаштарга жол бошотуп, команда түзүп барышты. Быйыл дагы ал эреже өзгөргөн жок. Бул жолу да жаштар биздин кеңеш менен жаңы команда түзөт", - деди Текебаев партия өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-августта "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон.

Кеч күздө өтөрү болжолдонуп жаткан парламенттик шайлоодо депутаттар партиялык ачык тизме (54) жана бир мандаттуу округдардан (36) шайланып келет. Борбордук шайлоо комиссиясы бир жума ичинде мажоритардык система менен шайлоо өтчү округдардын чек араларын бекитет.

Ал эми партиялык ачык тизме менен өтчү шайлоонун босого чеги 5%. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG